Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөөлөр институтунун «Геодинамика жана геокоркунучу» бөлүмүнүн жетекчисинин м.а. Улан Абдыбачаев БАЭнин Дубай шаарында өткөрүлүп жаткан Sentinel Asia биргелешкен долбоордук тобунун 10-жыйынына катышууда.
Иш-чаранын программасы кырсыктарды башкаруу үчүн спутниктерден алынган сүрөттөрдү колдонуу, географиялык жасалма интеллект жана санариптик эгиздер боюнча талкууларды камтыйт. Катышуучуларды жаңы аспаптар жана технологиялар менен тааныштыруу үчүн Sentinel Asia ны ишке киргизүү жана жооп кайтаруунун эл аралык түзүлүшү, жаан-чачын өлчөмү, суу ташкындары боюнча маалыматтарды талдоо жана болжолдоо боюнча окутуулар да өткөрүлүүдө.





































































































































