WE-ACT долбоорунун алкагында, “Борбор Азиянын трансчек аралык дарыялар бассейнинде суу ресурстарын натыйжалуу бөлүштүрүү” аттуу иш-чаранын негизинде, Бишкек жана Ош шаарларында бир катар тренингдер жана семинарлар өткөрүлдү.
БАЖПИИ, IWMI жана Мюнхен Техникалык Университети (TUM) WE-ACT долбоорунун өнөктөштөрү менен биргеликте 2025-жылдын 12-ноябрынан 15-ноябрына чейин бир катар семинарларды жана тренингдерди уюштурушту.
Программага Германия, Швейцария, Нидерланды, Бельгия, Испания жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн адистери катышты. Катышуучулар суу ресурстарына мониторинг жүргүзүүнүн заманбап ыкмаларын, комплекстүү моделдөө (SWAT+, WEAP), суунун баасын баалоо жана чечимдерди колдоо системасын (DSS) иштеп чыгууну талкуулашты.
Бул иш-чараларга Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Суу ресурстары боюнча кызматынын адистери, Кара-Дарья–Сырдарья–Амударья бассейндик суу ресурстарын башкаруу башкармалыгы, Нарын–Карадарья жана Нарын–Сырдарья бассейндериндеги ирригация системаларын башкаруу башкармалыктары, Сырдарья–Сох бассейндык ирригация системалары башкармалыгы, «Сырдарья» бассейндик суу чарба бирикмеси, Эл аралык суу башкаруу институту (IWMI), Кыргызгидромет, ошондой эле академиялык институттар менен илимий борборлордун өкүлдөрү катышты. Семинарлардын жана тренингдердин жүрүшүндө катышуучулар гидрологиялык байкоолор, эксплуатациялоо жана тейлөө үчүн автоматташтырылган маалыматтарды чогултуу, ошондой эле катышуучулар прогноз түзүү үчүн SWAT+ моделинин мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, miraX DSS — чечимдерди колдоого багытталган система боюнча практикалык билим алышты.
Иш-чаранын соңунда бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.







