Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

Магистратурага документтерди кабыл алуу башталгандыгы тууралуу жарыялайбыз

Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилөө институту (БАЖПИИ) жана Академик У.Асаналиев атындагы Кыргыз Мамлекеттик геология, тоо-кен иши жана жаратылыш ресурстарын өнүктүрүү университети (академик У. Асаналиев атындагы КМТКУ) менен биргеликте 630100 «Прикладдык геология» адистиги  багыты боюнча магистратурага документтерди кабыл алуу башталгандыгын жарыялайт:

- Багыты: «Прикладдык  геология», «Геокоркунучтар» программасы;

- Окуу мөөнөтү 2 жыл, бакалавр жана адис даражасынын негизинде кабыл алынат;

Окутуу КМШ, Германия, Япония, Кытай, АКШ жана башка мыкты университеттерде билим алган адистер тарабынан жүргүзүлөт.

Документтер 2022-жылдын 1-июлунан тартып кабыл алынат.

 

 mag2022a

mag2022b

БАЖПИИ жана КМТКУ лабораториялык, дисциплинардык жана дисциплиналар аралык окутуунун бардык түрлөрүн, магистранттардын практикалык жана изилдөө иштерин камсыз кылган материалдык-техникалык базага ээ.

Документтердин тизмеси:

- арыз;

- арыз ээсинин жарандыгын тастыктаган паспорт же башка документ;

- бакалаврдын же адистин дипломунун көчүрмөсү (тиркемеси менен);

- жеке жетишкендиктерин күбөлөндүргөн документтер, окууга тапшырууда эске алынган натыйжалар (жарыяланган илимий эмгектердин тизмеси, тезис, ардак грамоталар ж.б.);

- арыз ээсинин 6 сүрөтү (3 × 4);

- башка сунуштама документтери (эгер бар болсо).

Документтерди БАЖПИИ жана КМТКУ магистратурасына төмөнкү жол менен тапшырууга болот:

- Чүй пр., 164, кабыл алуу комиссиясы дареги боюнча.

Тел .: +996 555775 (309), 0558 531399

 

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg