Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

Казакстандын Сейсмология институтунун академиги А.У. Абдуллаевдин ЦАИИЗге болгон расмий сапары.

13 июнда 2025 ж. Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институтун (ЦАИИЗ)  Казакстан Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, профессор, геология-минералогия илимдеринин доктору Абдуллаев Азиз Умарович, Казакстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Сейсмология институтунан келди. Иш сапар ЦАИИЗ менен Сейсмология институтунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумду ишке ашыруунун алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө практикалык кызматташтык боюнча төмөнкү маселелер каралды:

1. Жер титирөөлөрдү алдын ала эскертүүнүн бирдиктүү системасын түзүү;

2. Казакстандан 4–5 жаш адис жана илимпозду ЦАИИЗдин «Мониторинг системалары жана маалыматты башкаруу» бөлүмүндө, GPS маалыматтарын иштеп чыгуу боюнча Зубович А.В. жетектеген окутуу программасын уюштуруу.

Тараптар илимий-техникалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана сейсмология жана геодинамика тармагында биргелешкен демилгелерди өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.

013 25

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg