Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

Кыргызстандын дыйкандары жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жердин абалын спутник аркылуу көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

     Мерсико уюмунун SIBELIUs долбоору Кыргыз маалымат кубунун сервердик жабдууларын жана программалык камсыздоолорун Бишкектеги Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институтуна акысыз түрдө тапшырды. Бул долбоор Улуу Британиянын Космос агенттигинин каржылык колдоосу менен ашырылып келет.

     Кыргыз маалымат кубу спутниктен тартылган сүрөттөр аркылуу  жайыттардын абалы, кардын запасы, температура жана кургакчылык жөнүндө маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк берет. Мындан ары Кыргыз Республикасынын Айыл, токой жана суу чарба министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана башка мамлекеттик органдар  спутниктик байкоо жүргүзүү менен жердин абалын изилдеп, тенденцияларын көруп, керектүү чараларды аткара алышат.

    Долбоордун өкүлдөрүнүн айтымында, бул технологиялык чечим Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ, анткени Кыргызстандын калкынын 60% дан ашыгы айыл чарба тармагында иш жүргүзөт. Климаттын өзгөрүшүнөн улам өлкөдө сугат суунун жетишсиздиги жана кургакчылык байкалууда. Бул көйгөй жайыттардын деградациясына алып келет. 

    Кыргыз маалымат кубунда акыркы 5-10 жылдагы Кыргызстан жөнүндө маалыматтар жана спутниктик сүрөттөрдүн архиви сакталган. Ошондой эле,  куб күн сайын жаңы маалыматтар менен толукталып турат. Маалымат кубунун  программалык камсыздоосунун жардамы менен  спутниктик сүрөттөр санариптик жана визуалдык маалыматтарга айландырылат.

     Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институтуна- коммерциялык эмес илимий мекеме. Ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Потсдам шаарындагы Германиялык Жерди изилдөө борбору тарабынан негизделген. Институт табигый кырсык коркунучтарды азайтуу, суу ресурстарын башкаруу жана Борбордук Азиядагы глобалдык өзгөрүүлөргө адаптациялоо боюнча илимий жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүп келет.

Өзүбүздүн материалдарыбыздын негизинде даярдалган жана Мерсико материалдар боюнча.

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2

Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg