Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

Борбордук Азиядалык Жерди прикладдык изилдөөлөр институтунун (БАЖПИИ) директору Болот Молдобеков Үчүнчү полюс климаттык форумун түзүүнүн жол-жобосун аныктоо боюнча семинарга катышты

2023-жылдын 7-ноябрынан 9-ноябрына чейин Борбордук Азиядалык Жерди прикладдык изилдөөлөр институтунун (БАЖПИИ) директору Молдобеков Б.Д. Таиланддын Бангкок шаарында Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюм (WMO) тарабынан уюштурулган Үчүнчү Полюс Климат Форумун түзүүнүн ыкмаларын аныктоо боюнча семинарга катышты.

Үчүнчү уюлдук климаттык форумду (TPCF) түзүү боюнча иш-чаралардын көлөмүн аныктоого жана аймактык үчүнчү уюлдук климаттык борборлор тармагын түзүү боюнча жумушчу топтун жыйынына арналган семинар Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун, БУУнун Экономикалык жана Азия жана Тынч океан боюнча Социалдык комиссия, ошондой эле климат боюнча улуттук, аймактык жана эл аралык эксперттердин башын бириктирди.

group_picture.jpg

    Семинардын катышуучуларынын группалык сүрөтү

Бангкоктогу семинар эл аралык кызматташтыкты чыңдоодо жана климатты изилдөө жаатында тажрыйба алмашууда маанилүү кадам болуп калды.

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg