Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин БАЖПИИге иш сапары

конференция

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин БАЖПИИге иш сапары.

            27-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Борбор Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтуна (БАЖПИИ) келди.

Иш сапардын жүрүшүндө ал институттун ишмердүүлүгү, илимий долбоорлор, Кыргызстанда колдонулган заманбап ыкмалар, эл аралык ишмердүүлүк жана илимий маанидеги өнөктөштүктү өнүктүрүү жолдору менен таанышты.

 Vizit ministra2

Ошондой эле жолугушууда Молдобеков Болот (БАЖПИИнин содиректору) институттун ишмердүүлүгү жөнүндө «Долбоорду ишке ашыруунун тажрыйбасы жана практикасы» аттуу презентация жасады. Илимий изилдөөлөрдө институт аралыктан зонддоонун заманбап ыкмаларын, ГИСти колдонуп, өзүнүн сервердик базаларын жана жаңы геоинформациялык чечимдерди ишке ашыруу үчүн иштелип чыккан маалыматтар базасы менен жабдылганы айтылган. Ошондой эле жер көчкүлөрдүн, сейсмикалык коркунучтардын, климаттын өзгөрүшүнүн, мөңгүлөрдү изилдөө жаатындагы долбоорлор тууралуу маалымат менен таанышты.

Эске салсак, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги БАЖПИИнин уюштуруу кеңешинин мүчөсү.

  Vizit ministra4

 Vizit ministra3

 

БАЖПИИнин материалдарынын негизинде даярдалган.

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg