Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

БАЖПИИ кызматкери кырсыктарды башкарууда спутниктердин ролу боюнча талкууга катышууда

Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөөлөр институтунун «Геодинамика жана геокоркунучу» бөлүмүнүн жетекчиси Улан Абдыбачаев БАЭнин Дубай шаарында өткөрүлүп жаткан Sentinel Asia биргелешкен долбоордук тобунун 10-жыйынына катышууда.

Иш-чаранын программасы кырсыктарды башкаруу үчүн спутниктерден алынган сүрөттөрдү колдонуу, географиялык жасалма интеллект жана санариптик эгиздер боюнча талкууларды камтыйт. Катышуучуларды жаңы аспаптар жана технологиялар менен тааныштыруу үчүн Sentinel Asia ны ишке киргизүү жана жооп кайтаруунун эл аралык түзүлүшү, жаан-чачын өлчөмү, суу ташкындары боюнча маалыматтарды талдоо жана болжолдоо боюнча окутуулар да өткөрүлүүдө.

10-февралда Улан Абдыбачаев «2025-жылы Кыргыз Республикасындагы мөңгү көлүнүн жырылышы жана жер көчкү: валидациянын жыйынтыктары жана топтолгон тажрыйба" аталышанда баяндаманы тартуулады.

Биргелешкен долбоордук топтун курамында Кыргыз Республикасынын өкүлү катары БАЖПИИ катышууда. Жолугушууга Бангладеш, Вьетнам, Индия, Индонезия, Казакстан, БАЭ, Непал, Таиланд, Түркия, Филиппиндер, Шри-Ланка жана Жапониядан изилдөөчүлөр келишкен.

Иш-чараны Мохаммед бин Рашид атындагы космос борбору жана Жапониянын аэрокосмостук изилдөө агенттиги уюштурган.

 202602103 202602104

202602105

 

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg