2025-жылдын 29-31-май күндөрү Душанбеде мөңгүлөрдү сактоо боюнча эл аралык конференция болуп өттү.
Душанбе,Таджикистан —2025-жылдын 29- 31-май күндөрү Тажикстандын борбору Душанбе шаарында БУУнун эл аралык мөңгүлөрдү сактоо жылынын алкагында
2025-жыл — мөңгүлөрдү сактоо боюнча жогорку деңгээлдеги эл аралык конференция болуп өттү (БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77/158 резолюциясы).
Конференцияга БУУга мүчө болгон 55тен ашык мамлекеттин жана 70 эл аралык уюмдун өкүлдөрү, анын ичинде жогорку даражалуу расмий адамдар катышты.Жыйынга катышкандардын жалпы саны болжол менен 2500гө адамды түздү. Иш-чаранын негизги максаты мөңгүлөрдү коргоо жана криосфералык системалардан көз каранды болгон суу ресурстарын туруктуу башкаруу боюнча стратегияларды иштеп чыгуу үчүн эл аралык коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүү болду.
Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунан (БАЖПИИ) конференцияга катышкандар:
- БАЖПИИнин содиректору Болот Молдобеков,
- «Климат, суу жана геоэкология» бөлүмүнүн башчысы Рыскул Усубалиев,
- «Климат, суу жана геоэкология» бөлүмүнүн улук илимий кызматкери д-р Ольга Калашникова
- «Климат, суу жана геоэкология» бөлүмүнүн илимий кызматкери Азамат Осмонов катышышты.
Доктор Болот Молдобеков "Климаттын өзгөрүшүнүн контекстиндеги Кыргызстан Криосферасы" баяндамасы менен чыгып сүйлөдү, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүндөгү криосферанын өзгөрүшүнө жооп берүү 4-сессиянын модератору болду.Мындан тышкары, ал алдыдагы он жылдыкка арналган "эл аралык мөңгүлөрдү сактоо2025-2034- жылдарындагы" форумунун алкагында өткөн "криосфералык илимдердин жана мониторингдин абалы, билим берүү жана потенциалды өнүктүрүү, перспективалар"темасындагы панелдик талкууга катышты.
Ал эми Доктор Рыскул Усубалиев "Климаттын өзгөрүү шарттарында Тянь-Шань жана Памир-Алай мөңгүлүү системаларынын мониторинги жана изилдөөлөрү" темасында презентация жасап, аймактык криосфералык процесстерди изилдөөгө БАЖПИИнин илимий салымын баса белгилеп өттү.
Конференциянын негизги жыйынтыктары төмөнкүлөрдү камтыды:
- Мөңгүлөрдү сактоо боюнча глобалдык күн тартибин баштоо;
- БУУнун ишеним фондун түзүү үчүн ресурстарды мобилизациялоо;
- БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык Конвенциясынын тараптарынын конференциясы үчүн рекомендацияларды иштеп чыгуу (COP30)
- Душанбе декларациясын кабыл алуу.
Конференциянын программасына пленардык жыйындар, 12 тематикалык сессия, ошондой эле атайын форумдар кирди.
Конференциянынын бардык материалдары dushanbeicgp2025.com расмий сайтында жеткиликтүү.