Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

Казакстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сейсмология институтунун өкүлдөрүнүн иш сапары.

 2023-жылдын 13-апрелинде Казакстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сейсмология институтунун өкүлдөрү, геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор Абдулазиз Абдуллаев, сектор башчысы Ибрагимов Алибек жана Гумаров Ерлан менен БАЖПИИде жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө БАЖПИИнин содиректору Б.Молдобеков жалпысынан БАЖПИИнин ишмердүүлүгү тууралуу жалпы маалымат берди. БАЖПИИде таанышуу сапарын өткөрдү. БАЖПИИ менен биргелешкен ишинин келечеги жана кызматташуу жөнүндө сөз талкууланды, жана маалымат алмашуу жөнүндө томонку  чөйрөлөр боюнча меморандумга кол коюлду:

1) сейсмологиялык байкоолор жана жер титирөөнүн болжолу;

2) сейсмикалык коркунучту жана тобокелдикти баалоо;

3) сейсмология жаатындагы маалыматтарды, методдорду жана тажрыйбаларды алмашуу ж.б.

Сейсмология институтунун өкүлдөрү БАЖПИИнин ишмердүүлүгүн жогору баалап, мындан ары БАЖПИИ менен кызматташуу ниетин билдиришти.

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg