БАЖПИИге Германиядан делегация келди
2025-жылдын 16-майында Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтуна (БАЖПИИ) Германиядан келген делегация иш сапары менен келди, анын курамына негизги илимий-изилдөө мекемелеринин жана федералдык ведомстволордун жетекчилери жана алдыңкы адистери келген.
Делегацияны Германиянын Федералдык изилдөөлөр, технологиялар жана космос боюнча федералдык министрлигинин департаментинин жетекчиси Флориан Франк жетектеди. Бул иш сапар климаттын өзгөрүшү, суу ресурстары, айыл чарба, геотармактык илимдер жана туруктуу өнүгүү сыяктуу тармактарда Германия менен Кыргызстандын ортосундагы илимий кызматташтыкты чыңдоо багытындагы аракеттердин бир бөлүгү болду.
Делегациянын курамына төмөнкү өкүлдөр кирди:
- Германиянын изилдөөлөр, технологиялар жана космос боюнча федералдык министрлиги
- DLR долбоорлорду башкаруу агенттиги
- Германиянын илимий изилдөөлөр фондусу (DFG)
- Борбордук Азиядагы туруктуу инновациялар боюнча долбоорлор кеңсеси (CASIB)
- Ляйбниц атындагы өтмөлүү экономикасындагы айыл чарбасын өнүктүрүү институту (IAMO)
- Берлин Эркин университети
- Роберт Кох атындагы институту
- Гельмгольц атындагы инфекцияларды изилдөө борбору
- Цвиккау колдонмо илимдер университети
- Ганновер шаарынын университети
- Чыгыш Европаны жана эл аралык мамилелерди изилдөө борбору (ZOiS)
- Рейнер Лемойн атындагы туруктуу энергияны изилдөө институту
- Мөмөлүү өсүмдүктөрдү селекциялоо институту (JKI)
- Гельмгольц атындагы геоилимдер борбору (GFZ).
Иш сапардын жүрүшүндө катышуучулар биргелешкен долбоорлордун келечегин, илимий маалыматтарды , ошондой эле академиялык алмашуу жана жаш адистерди даярдоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. БАЖПИИнин ишинин негизги иш багыттары, анын ичинде гидрология, георисктер, климаттын өзгөрүшү жана геомаалыматтык технологиялар боюнча изилдөөлөр тааныштырылды.
Бул иш сапар БАЖПИИнин эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп,Германиянын илимий чөйрөлөрүнүн прикладдык изилдөөлөр жана туруктуу өнүгүү үчүн маанилүү платформа катары каралып, Борбордук Азия аймагына Германиянын илимий чөйрөлөрүнүн бул аймакка болгон жогорку кызыгуусун дагы бир жолу тастыктады.