Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

Борбордук Азиянын тоолуу аймактарынын мөңгүлөрүнүн климатка жараша өзгөрүшү

 

“Борбордук Азиянын тоолуу аймактарынын мөңгүлөрүнүн климатка жараша өзгөрүшү ”

Борбордук Азия жерди прикладдык изилдөө Институту, Кыргыз Републикасынын Улуттук комиссиясынын ЮНЕСКО иштери менен биргеликте“ “Борбордук Азиянын тоолуу аймактарынын мөңгүлөрүнүн климатка жараша өзгөрүшү ” аттуу темада тегерек стол 25чи Ноябрда өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюму 2022-жылды Туруктуу тоолорду өнүктүрүүнүн эл аралык жылы деп жарыялаган. Тиешелүү резолюция 2021-жылдын 16-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын пленардык жыйынында кабыл алынган. Бул токтомду ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-мартындагы №95-р буйругу менен Тоо экосистемаларын коргоо жана климаттын туруктуулугун жогорулатуу жылына карата Жол картасы кабыл алынган.

Жол картасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Жаратылыш министрлиги менен биргеликте “Борбордук Азиянын тоолуу аймактарынын мөңгүлөрүнүн климатка жараша өзгөрүшү” аттуу темада тегерек стол өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашуу боюнча: Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жана Борбордук Азия жерди прикладдык изилдөө Институту менен, Алматы шаарындагы ЮНЕСКОнун кластердик бюросунун колдоосунун негизинде ишке ашырылды.

 Road map1

Road map2

Road map4

Жанылык - Youtube 

Озубузтун материалдары жана медиа материалдары боюнча даярдалган.

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg