Мурунку жер титирөөлөрдү изилдөө - инфратүзүмдү долбоорлоонун фактору
2025-жылдын 10-20-ноябрында Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунун кызматкерлери Т. Алтынбек уулу, Ж. Бектурсунов жана Э. Казиев жер титирөө геологиясы жана белсендүү жаракалардын коркунучу боюнча эл аралык семинарга катышышты.
Оксфорд университетинин Жер илимдери бөлүмүнүн профессору Ричард Уокер жетектеген Борбордук Азия, Кавказ, Улуу Британия, Италия адистери палеосейсмология ыкмаларын, жаракаларды аныктоо жана картага түшүрүү боюнча алдыңкы тажрыйбаларды жана үлгүлөрдү алууну өздөштүрүштү. Ошондой эле, 1889-жылдагы Чилик жер титирөөсүнүн мисалында жараканын талаа изилдөөсүн жүргүзүштү.

Семинар учурунда БАЖПИИ-нин кызматкерлери "Кыргызстандагы күчтүү жер титирөөлөр үчүн эрте эскертүү системасын иштеп чыгуу" жана "Арам-Күнгөй жаракасынын геофизикалык изилдөөлөрү" темасында таанытуу баяндамаларды тартуулашты.

Изилдөөчүлөр жана практиктер жер палеосейсмологиялык ыкмаларын инфратүзүмдү долбоорлоодо колдонуу мүмкүнчүлүгү боюнча пикир алмашышты.

Семинар Оксфорд университетинин Жер илимдери бөлүмү тарабынан Улуу Британиянын Тышкы иштер, шериктештик жана өнүктүрүү боюнча министрлиги (UK FCDO) Борбордук Азия аймагындагы жер титирөө коркунучтарын изилдөө программасынын алкагында жана Улуу Британиянын Жер титирөөлөр, жанар тоолор жана тектониканы байкоо жана моделин түзүү боюнча борборунун (UK COMET) колдоосу менен уюштурулган.






