Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

Климаттын өзгөрүшү жана Кыргыз маалымат кубу

Климаттын өзгөрүшү жана Кыргыз маалымат кубу

Кыргыз маалымат кубу  Кыргызстандагы климаттын өзгөрүү тенденциясын көзөмөлдөө үчүн визуалдык маалыматтын жакшы булагы боло алат. Мындай пикирин Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунун (БАЖПИИ) содиректору Болот Молдобеков билдирди.

Белгилей кетсек, Open Data Cube сервердик жабдыктары жана программалык камсыздоо Кыргызстанга Улуу Британиянын өнөктөшү eOsphere (http://eosphere.co.uk) тарабынан бекер берилген.

Кыргыз маалымат кубу Улуу Британиянын космостук агенттигинин каржылык колдоосу менен Кыргызстанда эл аралык Мерсико уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан SIBELIUs долбоорунун алкагында иштелип чыккан. Кыргыз маалымат кубунун сервердик жабдуулары 2021 -ж. май айынын аягында БАЖПИИнин карамагына жана техникалык тейлөөсүнө өткөрүлүп берилген.

Болот Молдобековдун айтымында, биздин республикада 2000 -жылдардан бери мөңгүлөрдүн ээриши күчөп, климаттын өзгөрүшү менен суунун айланышы начарлаган. Вегетация мезгили да өзгөрдү, эгер мурда мөңгүлөрдүн ээриши майдын аягында башталып, июнь айынын орто ченинде аяктаса, азыр мөңгүлөр сентябрга чейин эрип, суунун түсү да өзгөрбөйт. Мөңгүлөрдүн ээриши суунун азайышына, кургакчылыкка жана чөлгө айланууга алып келет. Бул өзгөчө өлкөнүн кургакчыл зонасында байкалат – түштүк тарапта.
 

Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунун (БАЖПИИ)  илимий изилдөөлөр менен алектенет жана курчап турган чөйрөнүн абалын анализдөө үчүн спутниктен тартылган сүрөттөрдү активдүү колдонот.

? “2018 -ж. спутниктен тартылган сүрөттөрдү колдонуу менен биз Кыргызстандагы жана Борбордук Азиядагы мөңгүлөрдүн жаңыланган каталогун даярдап, тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүп бердик. Мындан тышкары, биз Кыргызгидромет жана Суу чарба департаменти менен суунун жеткиликтүүлүгүнүн божомолун баалоо методологиясы менен бөлүштүк. Мисалы, спутниктен тартылган сүрөттөрдү колдонуу менен сиз сентябрдан февралга чейин кардын топтолушун көрө аласыз, эми Кыргызгидромет аларды колдонуп, кардын көлөмүн эсептеп жатат ”, - деп түшүндүрдү Болот Молдобеков.

Кыргыз маалымат кубунун спутниктен тартылган сүрөттөрү, мамлекеттик органдар тарабынан бүткүл өлкөдөгү кырдаалды анализдөө жана жогорку деңгээлде чечим кабыл алуу үчүн кеңири колдонулушу мүмкүн жана колдонулушу керек. Азыр сандар жана таблицалар сыяктуу маалыматтарды берүүнүн эски ыкмаларынан алыстай албай жатышат. Спутниктен тартылган сүрөттөрдүн жардамы менен, өзгөрүп бараткан тенденцияларды,  чыныгы абалды сүрөт аркылуу бир кыйла ачык көрсөтүүгө болот?️.

Учурда SIBELIUs долбоорунун чет өлкөлүк кесиптештери менен биргеликте бардык кызыкдар тараптар Жердин спутниктеринен сүрөттөрдү оңой кабыл алышы жана колдонушу үчүн Кыргыз маалымат кубунун ишин жакшыртуу боюнча биргелешкен иш жүрүп жатат. Бул маалыматтар бекер берилет.

Болот Молдобеков командасы менен биргеликте мамлекеттик органдар үчүн кадрларды даярдоого жана спутниктен тартылган сүрөттөрдөн алынган маалыматты ыңгайлаштырууга жардам берүүгө даяр.
 

https://www.facebook.com/groups/BiznesvselskomhozyaystveKyrgyzstana/permalink/1599208573748736/  жана Юнисон групп материал боюнча даярдалган.

 

 

 

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg