Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

Борбордук Азиядагы табигый кырсыктар тобокелдигин азайтуу боюнча изилдөөнүн алкагында JICA делегациясынын БАЖПИИге болгон иш сапары

2025-жылдын 4 жана 7-июлунда Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту (БАЖПИИ) Япониянын Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин (JICA) тапшырмасы боюнча Борбордук Азиядагы табигый кырсыктар боюнча маалымат чогултуу максатында, изилдөө жүргүзүп жаткан жапон делегациясын кабыл алды.

Иш сапардын жүрүшүндө региондогу жаратылыш коркунучтарын баалоо жана мониторинг жүргүзүү маселелери талкууланды. Конокторго БАЖПИИ тарабынан бул багытта жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөөлөр тууралуу маалымат жана материалдар сунушталды.

Борбордук Азиядагы табигый кырсыктарга туруктуулукту жогорулатуу үчүн тажрыйба алмашууга жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду.

Талкууланган маселелер жана берилген материалдар табигый кырсыктар тобокелдигин азайтууга багытталган изилдөөгө салым кошот. Бул иш сапар жаратылыш коркунучтарын баалоо жана алдын алуу багытында иш алып барган уюмдар арасындагы кызматташууну жана координацияны чыңдоого багытталган аракеттердин бир бөлүгү болуп калды.

04 25

007 25

07 25

007 250

 

 

 

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg