Студенттер БАЖПИИнин маалымат системалары тууралуу маалымат алышты
3-декабрда Кыргыз-Түрк Манас университетинин компьютердик программалоо бөлүмүнүн биринчи курсунун студенттери ага окутуучу Селим Элмалы жетекчилиги менен Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөөлөр институтуна келишти.
Профессор, геология жана минералогия илимдеринин доктору Шейшеналы Эшманбетович Усупаев БАЖПИИни таанытуу баяндама тартуулады. Ал мөңгүлөрдү, тоолорду, биосфераны жана башка объекттерди изилдөөнүн жыйынтыктары милдеттүү түрдө иш жүзүндө колдонууга, мисалы Өзгөчө Кырдаалдар Министрлиги ж.б. мекемелер үчүн багаттылганы институттун ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүгү катары баса белгиледи. Ошондой эле башка өлкөлөрдөн келген кесиптештери менен жыл сайын экспедициялар уюштурулуп жатканы тууралуу маалымдады.

«Мониторинг системалары жана маалымат кѳзѳмѳлдѳѳ бѳлүмү» бөлүмүнүн башчысы, физика-математика илимдеринин доктору Александр Владимирович Зубович жана инженер Сергей Сергеевич Баркалов жер титирөө жөнүндө эрте эскертүү системасы жана географиялык маалымат системалары, IT инфратүзүмү жөнүндө айтып, сервер бөлмөсүн көрсөтүштү.

Студенттер институттун китепканасын дагы кыдырып көрүштү.



