Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунун (БАЖПИИ) содиректору Доктор Оливер Бэнс "Герман-Казак илиминин күндөрү"иш-чарасына катышты

2023-жылдын 12-13-октябрында Алматыда немис-казак илиминин күндөрү өттү. Бул иш-чара илимий жана билим берүү коомчулугунун өкүлдөрүнүн, ошондой эле расмий адамдардын көңүлүн бурду. Германиянын Федералдык Билим берүү жана изилдөө министрлигинин делегациясынын чакыруусу боюнча Германиянын делегациясынын курамында Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунун (БАЖПИИ) содиректору Доктор Оливер Бэнс катышты.

IMG_0903.JPG

                                                               Германиянын делегациясынын сүрөтү

Доктор Бэнс Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташуунун алдыңкы тажрыйбаларынын үлгүлөрүн көрсөткөн презентация жасады. Презентация чоң кызыгууну жаратып, катышуучулардын баасына татыды.

Илимий изилдөөлөрдүн ар кандай аспектилерине, анын ичинде геология илимдерине, геодезияга, табигый коркунучтарга жана суу ресурстарына өзгөчө көңүл бурулду. Талкуулар бул багыттар боюнча кызматташууну жакшыртууга өбөлгө түздү.

Бул иш-чара илим жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн маанилүү учур болду, ошондой эле келечектеги биргелешкен изилдөөлөр жана долбоорлор үчүн жаңы перспективаларды түздү.

049_Abschlussdeklaration.JPG

Объявление о совместной декларации г-жи Г. Хермани (главы немецкой делегации Федерального министерства образования и исследований) и г-на Д. Билялова (Национальная академия наук Республики Казахстан)IMG_0004.JPG

Логотип мероприятия

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg