ЦАИИЗдин Консультациялык Комиссиясынын 16-жыйыны өттү
2025-жылдын 4-июнунда Бишкек шаарында жана онлайн форматта Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институтунун (ЦАИИЗ) Консультациялык Комиссиясынын 16-жыйыны болуп өттү.
Жыйынга Консультациялык Комиссиянын мүчөлөрү Кыргызстандан, Германиядан, Өзбекстандан, Швейцариядан жана Люксембургдан катышышты. Жыйында ЦАИИЗдин бардык бөлүмдөрүнүн жетекчилери 2024-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча кеңири отчетторун сунушташты. Отчеттор геодинамика, геориск, климат, суу ресурстары, мониторинг жана илимий кызматташтык тармактарындагы изилдөөлөрдү камтыды. Өзгөчө көнул сел жана жер көчкү процесстерине, климаттык өзгөрүүлөргө, гидрологиялык изилдөөлөргө, ошондой эле мониторинг жана маалымат алмашуу тутумдарына бурулду.
Институттун илимий ийгиликтери, ишке ашырылган долбоорлор жана кызматташтыктын кеңейиши Консультациялык Комиссия тарабынан жогору баага татыды.