Түзүлүшү
Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту (БАЖПИИ)2002-жылы Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү жана Гельмгольц атындагы Жерди изилдѳѳ борбору , Потсдам шаары, Германия тарабынан Кооперативдик келишимдин негизинде түзүлгѳн. Кыргыз Республикасынын «Коммерциялык эмес уюмдаржөнүндө»мыйзамынын негизинде 2004-ж. тартып БАЖПИИнин укуктук формасы Кыргыз Ѳкмѳтүнѳ караштуу Коомдук фонд болуп саналат.
БАЖПИИде эки тараптуу директораттын жетекчилиги астында иш жүргүзүлѳт. (кыргыз тарабынан содиректор Б.Молдобеков, Германия тарабынан О. Бенс). БАЖПИИнин башкаруу органы –Уюштуруучулар Кеӊеши, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы болуп саналат. Эки тараптуу Байкоо жүргүзүүчү Кеӊеш фонддун ишкердүүлүгүнѳ кѳзѳмѳлдѳѳ жүргүзѳт. Эларалык Консультациялык Комиссия тарабынан Байкоо жүргүзүүчү Кеӊешке жана Директоратка илимий сунуштар киргизилет. Окумуштуулар Кеӊеши Институттун башкаруу органдарына кирет, ал институттун алдыӊкы илимпоздорунан туруп, илимий иштердин ишке ашуу максаттырын суроолорун карап, бѳлүмдѳрдүн жүргүзгѳн илимий иштеринен отчёт алат.