Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

Магистратура

БАЖПИИнин МАГИСТРАТУРАСЫ

630100 «Прикладдык геология» багыты боюнча даярдоо магистратурасы

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институту (БАЖПИИ) И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (КМТУ) менен биргеликте магистрлерди даярдоодо.

Окутуу АКШ, Германия, Япония, КМШ жана Кытайдын эң мыкты университеттеринде билим алган адистер тарабынан жүргүзүлөт. Окуу процессин камсыз кылган окутуучулардын 80%дан ашыгы илимдин докторлук же кандидаты даражаларына ээ.

Магистранттарга ата мекендик жана чет өлкөлүк ЖОЖдор, ишканалар жана уюмдар менен ыкчам маалымат алмашуу мүмкүнчүлүгү камсыздалган, ар бир магистрантта маалымат базаларын жана китепкана фондусун колдонуу мүмкүнчүлүгү болот. БАЖПИИнин магистрдик программасы лабораториялык семинарларды, практикалык көнүгүүлөрдү жана талаа практикаларын камтыйт.

БАЖПИИ жана КМТУ лабораториялык, дисциплинардык жана дисциплиналар аралык окутуунун бардык түрлөрүн, практикалык жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүнү камсыз кылган материалдык-техникалык базага ээ.

БАЖПИИнин магистрдик программасы төмөнкү багыттар боюнча магистрлерди даярдайт:

Даярдоо багыты: 630110 «Прикладдык геология»

Программанын багыты: «Геокоркунучтар»

Окутуу формасы: бюджеттик, контракттык

Окууту мөөнөтү: 2 жыл

Геокоркунучтар (гео-жер) жана коркунучтар деген сөздөрдөн келип чыгат. Геология илими Жердин жана жашоонун жаралышынан бүгүнкү күнгө чейинки өнүгүүсүн изилдейт. Геоилимдердин тиешелүү геопроцесстерди түшүнгөндүктөн глобалдык өзгөрүүлөр, айлана-чөйрөгө тийгизген таасири, коркунучтар жана керектүү чийки заттардын болушу жөнүндөгү илимий суроолорго жооп бере алышат. Жердин түзүлүшүн жана анын бетине жакын жайгашкан тоо тектерин геологиялык изилдөө өткөн жана келечектеги процесстер (вулканизм, цунами, жер титирөө жана климаттын өзгөрүшү) жөнүндө баалуу маалыматтарды берет. Геофизикалык процесстер бизге жердин ички бөлүгүн изилдөөгө мүмкүндүк берсе, геохимиялык анализ өткөн окуялар, алардын тоо тектерде сакталып калган издери тууралуу маалымат берет. Жер кыртышынын жогорку бөлүктөрүндөгү гидрогеологиялык системаларды түшүнүү бизге бүткүл дүйнөдө ичүүчү суунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жардам берет.

photo_5229230663109037184_y.jpgphoto_5229230663109037188_y.jpg

photo_5229230663109037186_y.jpgphoto_5229230663109037187_y.jpg

                                           Байланыш маалыматтары:

Биздин дарек:

          Кыргыз Республикасы, 720027 Бишкек шаары, Тимур Фрунзе көчөсү 73/2

Байланыш номерлер:

           +996 312 556300 (внтр. 308), + 996 700 885 766

E-mail:

          e-mail: Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. 

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg