Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

Магистратурага документтерди кабыл алуу

Магистратура

Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институту (БАЖПИИ) жана Академик У. Асаналиев атындагы Кыргыз Мамлекеттик геология, тоо-кен иши жана жаратылыш ресурстарын өнүктүрүү университети

(академик У. Асаналиев атындагы КМТКУ) менен биргеликте

630100 «Прикладдык геология» адистиги  багыты боюнча магистратурага документтерди кабыл алуу башталгандыгын жарыялайт:

- Багыты: «Прикладдык  геология», «Геокоркунучтар» адистиги;

- Окуу мөөнөтү 2 жыл, бакалавр жана адис даражасынын негизинде кабыл алынат;

Окутуу КМШ, Германия, Япония, Кытай, АКШ жана башка мыкты университеттерде билим алган адистер тарабынан жүргүзүлөт. Магистратура багытында окутуу процессин жүргүзгөн окутуучулардын 80% дан ашыгы доктор же кандидат илимий даражаларына ээ.

Магистранттар үчүн жергиликтүү жана чет өлкөлүк ЖОЖдор, ишканалар жана уюмдар менен тез арада маалымат алмашуу мүмкүнчүлүгү түзүлө, ар бир магистрант маалымат булактарына жана китепкана фонддоруна туташуу ээ болушат. БАЖПИИнин магистрдик программасы лабораториялык практикумдарды, практикалык сабактарды жана талаа практикасын камтыйт.

        БАЖПИИ жана КМТКУ лабораториялык, дисциплинардык жана дисциплиналар аралык окутуунун бардык түрлөрүн, магистранттардын практикалык жана изилдөө иштерин камсыз кылган материалдык-техникалык базага ээ.

Документтер 2021-жылдын 1-июлунан тартып кабыл алынат.

Документтердин тизмеси:

- арыз;

- арыз ээсинин жарандыгын тастыктаган паспорт же башка документ;

- бакалаврдын же адистин дипломунун көчүрмөсү (тиркемеси менен);

- жеке жетишкендиктерин күбөлөндүргөн документтер, окууга тапшырууда эске алынган натыйжалар (жарыяланган илимий эмгектердин тизмеси, тезис, ардак грамоталар ж.б.);

- арыз ээсинин 6 сүрөтү (3 × 4);

- башка сунуштама документтери (эгер бар болсо).

Документтерди БАЖПИИ жана КМТКУ магистратурасына төмөнкү жолдордун бири менен тапшырууга болот:

- Чүй пр., 164, кабыл алуу комиссиясы дареги боюнча жеке өзү (же ишеним адам аркылуу - жазуу жүзүндөгү ишеним каты болгон учурда).

- электрондук почта аркылуу (.doc, .docx, .pdf, .jpg форматындагы сканерлөө же электрондук документтер түрүндө) Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра., Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. дарегине.

Тел .: +996 555775 (309), 0558 531399

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg