Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

Наргиза Шайдылдаева суу дипломатиясы боюнча эл аралык семинарга катышты

22-24-май күндөрү Душанбе өткөрүлгөн 4-эл аралык конференцияга чейин "Биргелешкен суу ресурстары боюнча кызматташтыкты илгерилетүү: ишенимди жана өз ара аракеттенүүнү бекемдөө концепциялары жана ыкмалары" аталыштагы семинар уюштурулду.

Бул семинардын жүрүшүндө БАЖПИИнин «Климат, суу жана геоэкология» бөлүмүнүн илимий кызматкери Наргиза Шайдылдаевага "Суу дипломатиясындагы аялдар" аймактык тармагынын мүчөсү катары Стокгольм суу сыйлыгынын («Суу Нобели») лауреаты, профессор Кавех Мадани сертификат тапшырды.

"Суу жана аялдар" жана "Чек ара аралык суу кызматташтыгы" форумдарында жана "Борбордук Азиянын аял парламентарийлери: туруктуу өнүгүү үчүн суу күн тартибин илгерлетүүдөгү лидерлик" кошумча иш-чарасында учурдагы маселелерге катышуулардын көнүлүн буруп суроолорду берди.

Анын айтымында, конференция ниет билдирүүдөн милдеттенмелерди катуу көзөмөлдөөгө өтүп жатканын белгиледи

«4-конференциянын максаты - Эл аралык он жылдык иш-аракеттердин (2018–2028) жыйынтыктарын чыгаруу жана климаттын өзгөрүшүнүн тездеши жана мөңгүлөрдүн эриши шарттарында Борбордук Азия жана дүйнөлүк коомчулук үчүн жол картасын иштеп чыгуу. Бул конференциянын ролу - «жашыл» инфратүзүмгө жана чек ара кызматташтыгына анык сыртсалымдарды тартууну тездетүү», - деп Наргиза Мыктыбековна корутундулады.

snm4  snm2

snm3

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg