Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

БАЖПИИ кызматкерлери "Туруктуу өнүгүү үчүн суу" аталышындагы эл аралык он жылдык иш-аракеттерге арналган конференцияга катышышты

2026-жылдын 25-28-майында Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институтунун кызматкерлери Рыскул Усубалиев, Ольга Калашникова, Назгүл Алыбаева жана Наргиза Шайдылдаева, содиректор Болот Молдобековдун жетекчилиги менен Тажикстандын Душанбе шаарында өткөрүлгөн "Туруктуу өнүгүү үчүн суу" аталышындагы эл аралык он жылдык иш-аракеттерге арналган 4-жогорку деңгээлдеги эл аралык конференцияга катышышты.

БАЖПИИ содиректору Болот Молдобеков "Климаттын өзгөрүшүнүн шарттарындагы Кыргызстандын мөңгүлөрү" аталышында баяндама жасап, "Туруктуу келечек үчүн кызматташуу: криосфера жана климаттык тобокелдиктер" деген теманын алкагында долбоордун жыйынтыктарын жана келечектеги иш-аракеттер үчүн сабактарды талкуулоого катышты.

д6 д7

«Потенциалды өнүктүрүү жана илимий кызматташтык» бөлүмүнүн башчысы Назгүл Алыбаева "Климаттын өзгөрүшү боюнча БАЖПИИнин изилдөөлөрү: суу ресурстары, мөңгүлөр жана табигый кырсыктар" аталыштагы баяндамасын тартуулады.

д1  д5

«Климат, суу жана геоэкология» бөлүмүнүн башчысы Ольга Калашникова "Келечекти пландаштыруу: Борбордук Азияда суу ресурстарын башкарууну жакшыртуу куралдары" аталышындагы панелдик талкууга катышты, анда санариптик күн тартибин илгерлетүү үчүн илимий куралдардын мисалдары каралды.

27-майда Борбордук Азиянын суу жана гидроэнергетика программасынын (CAWEP) адистери Борбордук Азиядагы кургакчылыктын коркунучун жана туруктуулугун ыкчам баалоо боюнча жыйында кургакчылыкты баалоо боюнча таанытым баяндама тартуулашты.

Долбоордун кийинки иш-аракеттери боюнча пикир алмашуу учурунда БАЖПИИ кургакчылыкты баалоо платформасын иштеп чыгуу үчүн келечектүү илимий база катары сунушталды.

OUK d1 OUK d2

OUK d3

Душанбе конференциясы сууга байланыштуу маселелерди чечүү жана суу боюнча иш-аракеттердин он жылдыгын ишке ашырууну тездетүү үчүн кызматташтыкты күчөтүүгө максатталган.

Белгилей кетсек, Душанбедеги талкуулар, бардыгы үчүн суу менен санитариянын жеткиликтүүлүгүн жана туруктуу башкарууну камсыздоо боюнча Туруктуу өнүгүүнүн 6-максатын ишке ашырууну тездетүүнү көздөгөн БУУнун Суу конференциясына даярданууга арналган. БУУнун конференциясы 2026-жылдын декабрында Бириккен Араб Эмираттарында өткөрүлмөкчү.

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg