Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

Борбордук Азиялык жерди прикладдык изилдөө институтунун содиректору Болот Дүйшеналиевич Молдобеков дүйнөлүк суу кризиси жана суунун тартыштыгы боюнча Nomad телеканалына интервью берди

«Кыргызстан ыктымалдуу суу тартыштыгына кантип даярданып жатат?» аталышындагы репортаж үчүн Болот Молдобеков сарамжалдуу жана туруктуу суу менен жабдууну камсыз кылуу боюнча практикалык чаралар тууралуу сөз кылды.

Тактап айтканда, ал келечектеги суунун тартыштыгын азайтуудагы негизги кадам катары техникалык жана ичүүчү сууну бөлүүнүн маанисин белгиледи.

«Техникалык жана ичүүчү сууну бөлүү суу ресурстарын керектөө көлөмүн бир топ азайтууга жана башыбыздан кечирип жаткан суу тартыштыгын жана алдыдагы жылдары да ыктымалдуу көйгөйдү алдын алууга мүмкүндүк берет. Дүйнөлүк тенденцияларга ылайык, суу кризиси 2050-жылга чейин күчөйт, ал эми Борбордук Азия, Африка жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү ого бетер суу тартыштыгына туш болушат», - деп баса белгиледи Болот Молдобеков.

Ошондой эле ал Борбордук Азия өлкөлөрү туруктуу суу менен жабдууну камсыз кылуу каражаты катары сууну кайра пайдалануу ыкмаларын карап чыгып жана ишке ашырып жатканын белгиледи.

Толук репортажды бул шилтеме менен көрүүгө болот: https://vk.com/video-233412034_456239201

 

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg