Кыргыз Республикасынын климат жана өнүгүү боюнча өлкөлүк баяндама тартууланды
4-декабрда Борбордук Азия Жерди прикладдык изилдөөлөр институтунун “Геодинамика жана геотобокелдиктер” бөлүмүнүн жетекчисинин м.а. Улан Асылбекович Абдыбачаев Кыргыз Республикасынын климат жана өнүгүү боюнча өлкөлүк баяндаманын презентациясына катышты.
Өлкөлүк баяндама маалымат берүү жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту чыңдоо, парник газдарынын чыгарылышын азайтуу, аз көмүртектүү өнүгүүгө өтүү жана Кыргыз Республикасынын экономикалык өсүшүн илгерилетүү үчүн кызматташууга негиз түзүүгө багытталган.

Жолугушуу мамлекеттик кызматкерлер, окумуштуулар, эксперттер жана эл аралык өнөктөштөрдүн өз ара сүйлөшүү, климаттык программаларды ишке ашыруудагы алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу жана өлкөбүзгө ылайыкташтыруу боюнча пикир алмашуусуна шарттарды түздү.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары жана суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жана Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасы боюнча өлкөлүк жетекчиси Хью Ридделл катышуучуларга кайрылуу сөз сүйлөштү.

Иш-чараны Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өлкөлүк өкүлчүлүгү жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги уюштурган.
Шилтеме: Өлкөлүк баяндама (орус жана англис тилдеринде) - https://documents.worldbank.org/en/publication/documents-reports/documentdetail/099111925135055514
Макалада КРдагы ДБ өкүлчүлүгүнүн дагы сүрөттөрү колдонулду.



