БАЖПИИнин содиректору Молдобеков Болот Дуйшеналиевич аймактык алдын ала эскертүү берүү системасын түзүү боюнча техникалык жумушчу топтун кеңейтилген жыйынына катышты
БАЖПИИнин содиректору Молдобеков Болот Дуйшеналиевич 2025-жылдын 15-16-апрель күндөрү болуп өткөн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн улуттук гидрометеорологиялык кызматтарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен аймактык алдын ала эскертүү системасын түзүү боюнча техникалык жумушчу топтун (ТЖТ) кеңейтилген отурумуна катышты.
Кеңешме Германиянын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча GIZ тарабынан ишке ашырылып жаткан "Борбордук Азияда климаттык тобокелдиктерди башкаруу" регионалдык долбоорунун алкагында өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу борбору тарабынан уюштурулду.
Жыйындын жүрүшүндө долбоордун эксперттери тарабынан долбоордун алкагында иштелип чыккан төмөнкү материалдар кароого сунушталды:
- Борбордук Азия өлкөлөрүнүн улуттук гидрометеорологиялык кызматтарынын ортосунда гидрометеорологиялык маалымат алмашуу механизмин өркүндөтүү боюнча сунуштар;
- Региондогу өлкөлөрдүн өзгөчө ведомстволорунун ортосунда трансчек аралык аймактардагы кооптуу гидрометеорологиялык кубулуштар жөнүндө маалымат алмашуу боюнча сунуштар;
- Борбордук Азиянын пилоттук трансчек аралык дарыя бассейндеринде гидрологиялык кырсыктар жөнүндө алдын ала аймактык эскертүү системасын түзүү концепциясы.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча катышуучулар төмөнкү документтерди жактырышты:
- Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өзгөчө ведомстволорунун ортосундагы трансчек аралык өзгөчө кырдаалдарда өз ара маалымдоо жөнүндө протоколдун алгачкы долбоору;
- Бороон эскертүүлөрү жана кооптуу кубулуштар жөнүндө гидрометр кызматтарынын ортосундагы протоколунун баштапкы долбоору;
- Эрте кабарландыруунун аймактык системасын түзүү концепциясынын алгачкы долбоору;
- Бул системаны түзүү этаптары боюнча жол картасынын алгачкы долбоору.
Жалпысынан отурумдун катышуучулары долбоордун алкагында алдын ала маалымдоонун туруктуу жана натыйжалуу аймактык системасын түзүүгө багытталган кадамдардын маанилүүлүгүн белгилешти. Бул чаралар Борбордук Азия өлкөлөрүнүн калкынын жана аймактарынын коопсуздук деңгээлин жогорулатууга көмөк көрсөтүүгө багытталган долбоор болуп эсептелинет.
Булак:https://cesdrr.org/новости/проведено-расширенное-заседание-технической-рабочей-группы