Борбордук жана Батыш Азияда климаттын өзгөрүүсүнөн улам туруктуулукту жогорулатуу жана өнүктүрүү боюнча БАЖПИИде мөңгүлөрдөн фермаларга аймактык (G2F) программанын алкагында семинар болуп өттү.
Бишкек шаарында БАЖПИИнин конференц залында 2025-жылдын 9-апрель күнү Борбордук жана Батыш Азияда климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатууга багытталган иш чара болуп өттү.
Семинардын негизги темаларына төмөнкүлөр камтылды:
- Климаттын өзгөрүшүн жана мөңгүлөрдүн абалын, алардын таасирин жана даярдык чараларын изилдөө
- Мөңгүлөрдүн мониторинги, гидрометеорология жана алдын ала малымат берүү жаатындагы саясат жана башкаруу
· G2F программасын ишке ашыруу үчүн мекемелердин муктаждыктарын баалоо.
Семинарды БАЖПИИнин содиректору Болот Молдобеков жана Рединг Университетинин содиректору Мария Шахгеданова ачып беришти. Программада Гидрометтин, ӨКМдин, жаратылыш ресурстары, суу ресурстары, энергетика, экономика министрлигинин, ошондой эле БУУнун, ирригация институтунун, БААУ жана БАЖПИИнин өкүлдөрү сөз сүйлөштү. Катышуучулар маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн, изилдөөлөрдөгү кемчиликтерди, алдын ала малымат берүү системаларын жана аймактык кызматташтыктын зарылдыгын талкуулашты.
Иш-чара жыйынтыктарды чыгаруу жана аймактагы климаттын өзгөрүшүн адаптациялоо боюнча келечектеги долбоорлорго сунуштарды талкулоо менен жыйынтыкталды.