БАЖПИИ AgroTechExpo 2026 көргөзмөсүндө Кыргыз маалымат кубдун мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү
2026-жылдын 23-25-октябрында Борбордук Азиялык прикладдык изилдөөлөр институту Бишкектеги AgroTechExpo 2026 көргөзмөсүнүн конокторун жаңычыл технологиялар тилкесинде Кыргыз маалымат кубдун функциялары менен тааныштырылды (https://kyrgyzstan.sibelius-datacube.org/).
Кыргыз маалымат кубу 18 жылдан бери жайыттар, кар жана кургакчылык боюнча, ошондой эле Кыргызстандын айлана-чөйрөсү спутниктен тартылган сүрөттөргө ачык мүмкүнчүлүк берет.
Өсүмдүктөр, жалбырактар, жайыттардын абалы, кургакчылык, кар жана жер катмарынын температурасы жөнүндөгү маалыматты мал чарбачылыгы, дыйканчылык, токойчулук, гидрология, метеорология жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу боюнча адистер мурда спутниктик маалыматтар менен иштешпесе дагы колдоно алышат. Жерине барып көрбөстөн, шарттарды жана тенденцияларды талдоо мүмкүн.
БАЖПИИ айлана-чөйрөнүн шарттарын талдоо үчүн, мисалы, мөңгүлөрдү каталогун түзүү, кардын топтолушун көзөмөлдөө, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу чараларын негиздөө жана климаттын өзгөрүшүнүн азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук тобокелдиктерине тийгизген таасирин изилдөө үчүн спутниктик сүрөттөрдү жигкрдүү колдонууда.




