Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

БАЖПИИ "Ала-Арча" мамлекеттик паркында эрте эскертуу тутумун ишке киргизди

2026-жылдын 22-октябрында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бийик тоолуу көлдөрдүн жырылып кетиши жана Ала-Арча дарыясынын бассейнинде суу каптоо коркунучу жөнүндө эрте эскертүү тутумунун жабдуулары тапшырылды.

Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөөлөр институту Ала-Арча капчыгайындагы суу агымдарынын деңгээлине, ылдамдыгына, дирилдешине байкоо жүргүзүү тутумун, КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборуна маалыматтарды жиберүүнү, суу ташкыны же сел коркунучу болгондо айгай жана үн менен жазыдырылган көрсөтмөлөрдү уктуруу системасын иштеп чыкты.

 "Климаттын өзгөрүү шарттарында Борбордук Азия аймагында калктын мөңгүлүү көлдөрдүн жырылып кетүүсүнөн жабыркоо тобокелдигин азайтуу" сынамык долбоорунун алкагында суу агымынын көрсөткүчтөрү "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркындагы үч жерде өлчөнөт, ал эми калкка айгай сигналын берүү үчүн үн күчөткүчтөр беш жерге орнотулган.

 Долбоор БАЖПИИ тарабынан ЮНЕСКОнун Алматыдагы аймактык кеңсесинин жана Адаптация фондунун колдоосу менен ишке ашырылууда.

 Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Жумалиев жана ЮНЕСКОнун Алматыдагы аймактык кеңсесинин директору Амир Пирич жабдууларды өткөрүп берүү боюнча документке кол коюшту.

 Расмий аземден кийин БАЖПИИнин кызматкерлери Ак-Сай дарыясынын жанындагы эрте эскертүү тутумунун ишин көрсөтүштү.

 ӨКМдин өрт-куткаруу кызматы тоо көлдөрү жарылып кеткен учурга карата машыгууларды, "Ала-Арча" мамлекеттик паркындагы туристтерди жана кызматкерлерин топтоо аларды унаа менен коопсуз тилкеге ыкчам алып кетүү, жабырлануучуну тоо боорунан түшүрүү боюнча куткаруу операцияларын уюштуруу жана аны медициналык тез жардам кызматына жеткирүү үчүн иш-аракеттердин алгоритмин өткөрдү.

 Жыл ичинде БАЖПИИ ­Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмдөрүнө жабдууларды тууралоого көмөктөшөт.

 Сынамык долбоордун жыйынтыгы боюнча мындай тутум республиканын башка райондоруна орнотуу үчүн сунушталат. 

Видео - https://caiag.kg/ru/2023-03-24-10-53-34/1165-20261022

 

 

 

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg