БАЖПИИ космос маалыматтарын колдонуу үчүн UN-SPIDER менен кызматаштыкты бекемдөөдө
2026-жылдын 8-10-июлунда Бишкекте Хамид Мехмуд жетектеген UN-SPIDER миссиясы жана Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик агенттиктеринин, илимий жана билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү кырсык тобокелдиктерин башкаруу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү үчүн космостук маалыматты колдонуу боюнча кеңешмелерди өткөрүштү.
Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институтунан «Геодинамика жана геотобокелдикетер» бөлүмүнүн жетекчиси Улан Абдыбачаев жана «Байкоо тутумдары жана маалыматтарды башкаруу» бөлүмүнүн жетекчиси Александр Зубович 8-июлда кырсык тобокелдиктерин башкаруунун улуттук системасы жана саясат маселелерине арналган сессияга катышышты.
Улан Асылбекович «Sentinel Asia платформасы: Борбордук Азия аймагындагы кооптуу көрүнүштөрдү баалоо үчүн Жерди аралыктан байкаштыруу(зонддоо) маалыматтарын колдонуу» темасында таанытым баяндама тартуулады.
9-июлда UN-SPIDER делегациясы институтка келип, геологиялык коркунучтар, жер көчкүлөр, көлдөрдүн жырылып кетиши, мөңгүлөрдүн абалы тууралуу изилдөөлөр жана табигый кырсык коркунучу тууралуу эрте кабарлоо үчүн санариптик тутумдары иштелме менен таанышты.
Кеңешменин жүрүшүндө тараптар табигый кырсык тобокелдиктерин башкаруу үчүн космос маалыматтар тармагынын катышуучулардын иши жана айкаштыруу жолдорун тактоо, өзгөчө кырдаалдарда маалыматалмашуу жана алардын жеткиликтүүлүгү, булут платформаларын колдонуу, жасалма интеллект/ машинаны үйрөтүү, учкучсуз учуу аппараттары, глобалдык спутник багыттоочу тутуму, стандарттар, баалоо, билимди сактоо жана ийгиликтүү тажрыйбаны жайылтуу сыяктуу стратегиялык багыттар боюнча тыянактарды даярдашты. Сессиялардын жыйынтыгы боюнча миссия космос маалыматты колдонуу үчүн адистерди даярдоо планын иштеп чыгуу жана каржылоонун ыктымал булактарын аныктоосу күтүлүүдө.
Кошумчалай кетсек, UN-SPIDER — БУУнун өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жана өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу үчүн космос маалыматтарын колдонуу платформасы. БУУнун Башкы Ассамблеясы 2006-жылы бардык мамлекеттердин, эл аралык жана аймактык уюмдарга космос маалыматтарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана кырсыктарды башкаруунун бардык этаптарында аны колдонуу потенциалын өнүктүрүү үчүн түзүлгөн.





