Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

БУУӨП миссиясы жана БАЖПИИ сейсмикалык тобокелдиктерди азайтуу жаатындагы кызматташууну талкуулашты

2026-жылдын 9-июлунда Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын Кыргыз Республикасындагы кеңсесинин жан БУУӨПтүн Стамбул хабы менен Өзгөчө кырдаалдар жана кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу борборунун аймактык программа боюнча адис Хусрав Шарифов жетектеген делегациясы Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институтунун жетекчилиги менен жолугушту.

 

Иституттун со-директору Болот Молдобеков, бөлүм башчылары жана изилдөөчүлөрү илимий долбоорлору жана табигый кырсыктардын кесепетин азайтуу боюнча демилгелери, мисалы БАЖПИИде иштелип чыккан сейсмикалык коркунуч жөнүндө эрте эскертүү тутуму тууралуу маалымат беришти.

 

Тараптар жергиликтүү жана аймактык деңгээлде биргелешкен иш үчүн БАЖПИИ менен БУУӨПтүн илимий жана техникалык потенциалын пайдаланууну талкуулашты.

 

Кошумчалай кетсек, консультациялык жолугушуу "Борбордук Азияда аймактык кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу системасын чыңдоо" жана "Борбордук Азияда шаарлардын кырсыктардын тобокелдиктерине жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун жогорулатуу" аймактык долбоорлорун алкагында уюштурулду. 

 

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg

 
纸飞机下载tg官网tg下载纸飞机官网