Консультациялык комиссия БАЖПИИнин жумуш жыйынтыктары боюнча отчетторду бекитти
2026-жылдын 13-майында Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту Консультациялык комиссиянын 17-жыйынын Бишкекте жана онлайн форматында өткөрдү.
Жыйынга Борбор Азия жана Европа өлкөлөрүнөн комиссия мүчөлөрү, институттун содиректорлору жана бөлүм башчылары катышышты.
Жыйындын жүрүшүндө программа жана мурунку жыйындын протоколу бекитилип, БАЖПИИнин бөлүм башчыларынын 2023-2025-жылдардагы жасалган жумуштары боюнча отчеттору тартууланды. Геодинамика жана геокоопсуздук, климат жана сууну изилдөө, байкоо тутумдары жана маалыматтарды башкаруу, ошондой эле дараметти ишке ашыруу менен илимий кызматташтык жаатындагы жетишкендиктер каралды. БАЖПИИнин 2026-2030-жылдарга карата изилдөө программасын, ошондой эле кийинки иш-аракеттердин жана эл аралык кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулоого өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйындын катышуучулары Консультациялык комиссиянын жаңы төрагасын шайлашып, институттун өнүгүшүнө кошкон салымы жана БАЖПИИнин илимий демилгелерин колдогондугу үчүн өз ыйгарым укуктарын кийинки курамга өткөрүп берген комиссия мүчөлөрүнө ыраазычылык билдиришти.




