Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

Кыргызстандын мектептеринин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын коопсуздугу

school1a"Кыргыз Республикасынын мектептеринин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын коопсуздугу", КР Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, ошондой эле КР Өкмөтүнө караштуу архитектура курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин акыркы пайдалануучулары үчүн.

Бул "Кыргыз Республикасынын мектептеринин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын коопсуздугу" системасы БАЖПИИнин  адистери тарабынан Кыргыз жер титирөөгө туруктуу долбоорлоо жана курулуш илимий-изилдөө институту (КНИИПСС) берген маалыматтардын негизинде иштелип чыккан.

МСны иштеп чыгуу Кыргыз Республикасында 2011-жылдын августунан тартып КР Билим берүү жана илим министрлиги КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте, БУУнун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) техникалык колдоосу жана АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин табигый кырсыктарга жардам көрсөтүү боюнча бөлүмүнүн каржылоосу менен ишке ашырылып жаткан "Кыргызстандагы балдардын кырсыктарга алсыздыгын азайтуу" долбоорунун алкагында өткөрүлдү (USAID).

МС ГИС-карталарды, республикадагы мектептер, МЧББУ, калктуу конуштар, айыл округдары, райондор, облустар боюнча жалпы маалыматты көрүү үчүн жетиштүү болгон жалпы маалыматтан баштап, таблицалык маалыматты көрүү, ошондой эле маалыматтарды киргизүү жана редактирлөө үчүн зарыл болгон атайын маалыматтын деңгээлине чейин жеткиликтүүлүктүн 3 деңгээлине ээ. Бул жерде колдонуучунун аты жана сыр сөзү талап кылынат.

Бул маалыматтык системанын колдонуучулары келечекте Интернеттеги маалыматтар базасына кайрыла алышат, кошумча дарек көрсөтүлөт.

http://schooldb.caiag.kg/

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg