Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

Россия менен Кыргызстандын жаш лидерлеринин форуму

Россия менен Кыргызстандын жаш лидерлеринин форуму

2021-жылдын 16-19-ноябрында Омск шаарында «Россия – Борбордук Азия аймагынын» жаш лидерлери аттуу форуму болуп өттү, ал эми 2021-жылдын 20-22-ноябрында Москвада Россия менен Кыргызстандын жаш лидерлеринин II форуму болуп өттү.

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институтунун кызматкери Казиева Гулина форумга катышты.  

Форумда COVID-19 менен күрөшүү, экологияны сактоо жана ыңгайлуу шаар мейкиндигин өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Бул иш-чарага Кыргызстандан, Россиядан, Казакстандан, Тажикстандан, Түркмөнстандан жана Өзбекстандан жүздөн ашык жаш адистер Россия жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн алдында турган эң орчундуу көйгөйлөрүн чечүү жолдорун табуу үчүн чогулушту.

«Пандемия жана анын кесепеттери менен күрөшүү, климаттын өзгөрүшүнө жана ыңгайлуу шаар мейкиндигин өнүктүрүүгө байланышкан көйгөйлөр биринчи орунга чыкты. Ар бир багыттар боюнча эксперттер жана катышуучулар Россияда жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн мыкты долбоорлордун тажрыйбаларын карап чыгышты».      

Ошондой эле, форумда Глазгодо өткөн БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча 26-конференциясынын чечимдери жана сунуштары каралды.

«Аймактын айлана-чөйрөсүнө жана экосистемасына тийгизген таасирин изилдөө - Россиянын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн жаштардын алдына койгон стратегиялык милдеттери болуп саналат. Бир гана мамлекеттин ишмердүүлүгүнүн алкагында экосистемалардын сакталышын камсыз кылуу мүмкүн эместиги - бул эл аралык өкүлдөр өткөн иш-чараларда бир нече жолу билдирген тезис жана алдыдагы форум келишимдерди бекитүүгө жана аларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен программаны сунуштоо максатында уюштурулган».

  
 
 
 
Өздүк материалдар боюнча даярдалды.

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg