Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

ЮНЕСКОнун - Адаптация Фонду “Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу мөңгү көлдөрдүн жырылуусунан Борбор Азия чөлкөмүндөгү калктын аялуу катмарын азайтуу” долбоорун ишке киргизүү.

ЮНЕСКОнун Адаптация Фонду - "Климаттын өзгөрүшүнүн шартында Борбордук Азия чөлкөмүндөгү калктын мөңгү көлдөрдүн жырылып кетишинен аялуу катмарын азайтуу" долбоорунун башталышына карата жогорку деңгээлдеги конференция башталды.

  2021-жылдын 29-апрелинде ЮНЕСКОнун Алматыдагы кеңсеси өткөргөн онлайн конференция долбоордун регионалдык деңгээлде башталгандыгын көрсөттү. Бул иш-чарага катышуу үчүн тиешелүү жергиликтүү, улуттук жана регионалдык мекемелер, эксперттер, өнөктөштөр жана донорлор чакырылган.

  ЮНЕСКОнун Алматыдагы кеңсеси Борбор Азия аймагынын төрт өлкөсү - Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Тажикстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасы менен биргеликте Адаптация Фонду тарабынан каржыланган долбоордук сунушту иштеп чыгышты. Сунуш кылынган GLOFCA долбоорунун максаты - Кооптуу мөңгү көлдөрдүн жырылышы менен байланышкан социалдык тобокелдиктерди жана аялуу жерлерди азайтуу менен Борбор Азиядагы климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоону күчөтүү.

  GLOFCA долбоору бул тобокелдиктерди жана аялуу жерлерди жоюу максатында кооптуу мөңгү көлдөрдүн жырылышы менен байланышкан социалдык тобокелдиктерди жана аялуу жерлерди баалоону камтыйт. Долбоордун ыкмасы мониторингди, аналитикалык потенциалды жана табигый кырсык тобокелдигин азайтууга, өзгөчө кырдаалдарга жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо үчүн жооптуу мекемелердин жана мамлекеттик кызматкерлердин жооп берүү жөндөмдүүлүгүн бекемдөө, жана жергиликтүү жамаатты окутуу, байланыш түзүү. Андан тышкары мониторинг стратегиялары тарабынан алдын ала сактоо системаларды түзүү.

GLOF2

Өзүбүздүн материалдарыбыздын негизинде даярдалган.

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg