Германиялык делегация БАЖПИИге келди
2026-жылдын 17-июнунда Германия Федеративдик Республикасынын Изилдөө, технология жана космос боюнча федералдык министрлигинин (BMFTR) өкүлү Патрисия Романовская, Германиянын аэрокосмостук борборунун Долбоорлорду башкаруу агенттигинин кызматкери доктор Хендрик Мёрс жана Туруктуу инновациялар боюнча Борбордук Азия бюросунун башчысы доктор Петер Либелт Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институтуна келишти.
БАЖПИИнин содиректорлору Болот Молдобеков жана Оливер Бенс институттун тарыхы жана изилдөөлөрү жөнүндө таанытым баяндаманы гибрид форматында тартуулашты.
Иш сапарынын программасына институттун инфратүзүмү жана жер титирөө тууралуу эрте эскертүү сыяктуу маалымат тутумдары менен тааныштыруу камтылды.
Тараптар геоилимдер жана климаттын өзгөрүшү боюнча изилдөөлөр жаатында кызматташууну өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.



