БАЖПИИ климаттын өзгөрүшү боюнча конвенциясын ишке ашыруу боюнча маалыматты даярдоого катышууда
2026-жылдын 26-майында БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясы боюнча Улуттук инвентаризация документинин тармактык бөлүмдөрүн, 2-эки жылдык ачык-айкындуулук отчетунун жана Кыргыз Республикасынын 5-Улуттук билдирүүсүнүн баптарын талкуулоо үчүн техникалык жыйын өткөрүлдү.
Климаттын өзгөрүшүн байкоо секторунун эксперти катары Борбор Азиялык Жерди прикладдык изилдөөлөр институтунун улук илимий кызматкери Андрей Подрезов отчеттун 5-бапы үчүн "Изилдөө жана системалуу байкоолор" аталышындагы таанытым баяндама тартуулады.
Ошондой эле Билим берүү, окутуу жана изилдөө секторунун эксперти катары Андрей Олегович отчеттун 6-бапы боюнча "Билим берүү, окутуу жана коомчулукту маалымдоо" темасына сереп салды.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасы 2000-жылдын январында БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясына кошулган. Кыргызстан кабыл алган милдеттенмелерине ылайык, Конвенциянын жоболорун ишке ашыруу боюнча маалыматты тактап жаңылап турат. Парник газдарынын эмиссиясынын жана сиңдирүүнүн улуттук инвентаризациясын камтыган 1-Улуттук билдирүү 2003-жылы берилген. Биринчи эки жылдык жаңыртуулуучу отчету 2022-жылы, ал эми 1-эки жылдык ачык-айкындуулук отчету 2025-жылы берилген. Бул жылы 2-эки жылдык ачык-айкындуулук отчету жана 5-Улуттук билдирүү даярдалууда.
Техникалык жолугушууну Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, айлана-чөйрөнү коргоо жана техникалык көзөмөл министрлиги, Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктүрүү программасы жана Орхус борбору уюштурушту.




