Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

БАЖПИИ кызматкери Сагынбек Сатаров Японияда стажировкага катышты

2026-жылдын 11-мартынан 28-мартына чейин Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институтунун «Климат, суу жана геоэкология» бөлүмүнүн кенже илимий кызматкери Сагынбек Сатаров Ниигата университетинде (Niigata University) илимий такшалма программасына катышты.

Такшалма жаратылыш илимдери факультетинин айлана-чөйрөнү коргоо илимдериндеги талаа изилдөөлөр программасынын профессору Чиюки Нараманын (NARAMA Chiyuki) чакыруусу менен уюштурулду.

Такшалма учурунда гляциология жана мөңгү көлдөрүн байкоо үчүн талаа жана аралыктан изилдөөнүн заманбап ыкмалары үйрөтүлдү. Сагынбек Сатаровдун айтымында, жаңы билими жана көндүмдөрү "келечектеги изилдөө иш-аракеттеринде колдонулат". Ал суу ресурстары, мөңгү көлдөрү, лимнология жана гляциология боюнча изилдөөлөрдү жүргүзөт.

Сагынбек Сатаровдун эл аралык такшалмасы кесиптештери менен тажрыйба алмашууга жана кызматташуу багыттарын талкуулоого мүмкүнчүлүк берди.

 

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg