БАЖПИИ бөлүм жетекчиси Рыскул Усубалиев "Кыргыз Республикасынын суу, тоолору жана мөңгүлөрү: туруктуу келечек" аталышындагы эл аралык конференцияга катышты
10-декабрда Суу ресурстары кызматынын, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин өкүлдөрү, окумуштуулар жана эл аралык уюмдардын эксперттери Кыргызстандын аймактык суу жана тоо борбору катары ролун чыңдоо, улуттук кызыкчылыктарды колдоо жана мөңгүлөрдү жана тоо экотутумдарын сактоо үчүн эл аралык жардамды тартуу боюнча артыкчылыктуу багыттарды талкуулашты.
Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөөлөр институтунун “Климат, суу жана геоэкология” бөлүмүнүн жетекчиси, г.и.к. Рыскул Абдыжакыпович Усубалиев "Климаттын өзгөрүшү шартында Кыргызстандын мөңгү системалары" деген темада баяндама жасады.
Конференциянын программасы суу жана энергетикалык ресурстарды жана гидроэнергетиканы баалоо, климаттын дарыя агымынын режимине тийгизген таасири, суу ресурстарын башкаруу жана чек ара аралык кызматташтык боюнча баяндамаларды да камтыды.

Конференция Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жана Жашыл энергия коомдук фонду тарабынан уюштурулду.



