Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

КЭАУнун негиздөөчүсү, Эл Аралык Медицина мектебинин ректору, КР УИАнын академиги - Айдаралиев Асылбек Акматбекович БАЖПИИнин содиректорлору менен жолугушту

2024-жылдын 27-июнунда Борбордук Азиядагы Жерди прикладдык изилдөө институтунда (БАЖПИИ) жогорку билим берүү тармагында кызматташуунун келечегине арналган маанилүү жолугушуу болуп өттү. Кыргызстан Эл аралык университетинин (КЭАУ) негиздөөчүсү, Кыргызстан Эл аралык университетинин (КЭАУ)Эл Аралык Медицина мектебинин ректору жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (КР УИА) академиги Айдаралиев Асылбек Акматбекович менен БАЖПИИнин содиректорлору, Др. Б. Молдобеков жана Др. О. Бенс менен магистратурада биргелешкен билим берүү программаларын ачуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө талкуулашты.

1.jpeg

Жолугушууда кызматташуунун негизги багыттары, анын ичинде жаңы курстарды жана программаларды иштеп чыгуу аныкталды. Академик Айдаралиев билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана илимий жана инновациялык чөйрөдөгү маселелерди натыйжалуу чечүүгө жөндөмдүү кадрларды даярдоо үчүн академиялык ресурстарды жана тажрыйбаны интеграциялоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Бул жолугушуу Кыргызстан эл аралык университети менен БАЖПИИнин ортосунда мындан аркы өз ара аракеттешүүнүн келечегин ачып, Кыргызстандагы билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыктын келечегин ачты.

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg

 
纸飞机下载纸飞机官网 纸飞机官网下载纸飞机下载safew官网 safew下载safew官网下载safew官网safew下载safew下载safew下载quickq官网quickq官网quickq下载纸飞机官网纸飞机下载