КРдагы Бириккен Улуттар Уюмунунун Өнүктүрүү программасынына 30 жыл

 КРдагы Бириккен Улуттар Уюмунунун Өнүктүрүү  программасынына  30 жыл

 

Бишкек - 24 ноябрь 2022 жылы. Бул иш чарага Борбордук Азия Жерди прикладдык изилдөө институтунун башкы директорунун бири Б.Молдобеков мейман катары чакырылып, жалпы жамааттын атынан куттуктап, биргеликте кызматташуу эң жогорку мааниге ээ экендигин баса белгиледи.

БУУнун Өнүктүрүү программасы Борбордук Азия Жерди прикладдык изилдөө институтунун маанилүү өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Кызматташуунун натыйжасында өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошкон бир нече жана керектүү жыйынтыктарды ала алдык.

БУУнун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Кыргыз Республикасындагы улуттук өнөктөштөр, өнүгүү боюнча өнөктөштөр жана эл аралык коомчулук, жарандык коом жана ММКнын(Массалык маалымат каражаттары) өкүлдөрү менен өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыктын 30 жылдыгын белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө БУУӨПтүн, Кыргыз Республикасынын жана анын өнөктөштөрүнүн ортосундагы узак мөөнөттүү өнөктөштүк, ошондой эле Өкмөт жана Кыргызстан эли тарабынан ушул жылдары жетишилген өнүгүү жаатындагы маселелер белгиленди.

Мындан 30 жыл мурун, 1992-жылы 14-сентябрда жаңы түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү БУУнун Өнүктүрүү программасы менен кызматташууну баштоо боюнча макулдашууга кол коюшкан. БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Луиза Чемберлен айым белгилегендей, отуз жылдын ичинде Кыргызстан орточо кирешеси төмөн бир катар өлкөлөрдүн катарында болгон жана ошого карабастан көптөгөн реформаларды жүргүзгөн.

 БУУӨП өлкө менен бирге жакырчылык менен күрөшүүдөгү, өнү-

гүүнү, аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү жана алардын даражаларын жогорулатуу, ошондой эле жарандарга,  мамлекет тарабынан кызмат көрсөтүүдө мүмкүнчүлүктөр жакшырганын белгиледи.

纸飞机下载纸飞机官网 纸飞机官网下载纸飞机下载safew官网 safew下载safew官网下载safew官网safew下载safew下载safew下载quickq官网quickq官网quickq下载纸飞机官网纸飞机下载