БАЖПИИнин кызматкерлери Борбордук Азиядагы суу ресурстары жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча иш-чараларга катышты

2026-жылдын 24–25-ноябрында BLUE PEACE CENTRAL ASIA (BPCA), SDC, IWMI, IUCN жана CAREC долбоорлорунун колдоосу менен эки аймактык иш-чара өттү: Борбор Азиядагы суу ресурстары жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча практиктер коомчулугунун (COP-WCCA) отуруму жана BPCA Аймактык кеңеш комитетинин 2-жыйынынын алкагында уюштурулган «Илимий маалыматтардан аймактык артыкчылыктарды калыптандырууга жана программалык чечимдерди кабыл алууга карай» аттуу аймактык семинар.

Жолугушууларга SDC, IWMI, BLUE PEACE, IUCN жана CAREC өкүлдөрү, ошондой эле Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын министрликтеринин, улуттук гидрометкызматтарынын жана илимий институттарынын делегаттары катышты. Борбордук Азия Жерди прикладдык изилдөө институтунан  со-директор д-р Болот Молдобеков жана д-р Ольга Калашникова («Климат, суу жана геоэкология» бөлүмү) катышышты.

Семинардын жана отурумдун алкагында окумуштуулар жана долбоорлордун жетекчилери прикладдык чечимдери жана тажрыйбалары менен бөлүштү:

  • Омина Исламова (NWRM тобу) SmartWater тажрыйбасын сунуштады;

  • д-р Тобиас Зигфрид (SAPPHIRE долбоору) Hydrosolutions GmbH темасында баяндама жасады;

  • проф., д-р Аброр Гафуров (GREEN CENTRAL ASIA долбоору) MODSNOW программалык камсыздоосу тууралуу айтып берди;

  • Томас Сакс (Фрибург университети, UniFr) өз мекемесинин тажрыйбасы менен бөлүштү.

COP-WCCA жыйыны акыл чабуулу жана биргелешип иштеп чыгуу (Brainstorming & Co-design Lab) интерактивдүү сессиясы форматында өттү. Улуттук эксперттер ага институционалдык тажрыйбасын кошкон өлкөлүк адистер жана тематикалык талкуулардын тең фасилитаторлору катары катышты.