БАЖПИИ кызматкери SHARP+ аспабын колдонуу боюнча семинарга катышты

 2026-жылдын 16-19-ноябрында FAO (Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму) жана Борбордук Азиянын аймактык экологиялык борбору SHARP+ (Self-evaluation and Holistic Assessment of Climate Resilience of Farmers and Pastoralists) аспабын колдонуу боюнча семинар уюштурушту.

Дыйкандар жана малчылардын климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун өзүн-өзү баалоо жана комплекстүү баалоо (SHARP+) айыл тургундарын жана малчылар жамааттарынын мүчөлөрүн сурамжылоо, кырдаалды баалоо жана сунуштарды иштеп чыгуу үчүн иштелип чыккан.

ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Олег Гүчгелдиевдин айтымында, SHARP+ баалоо аспабы 2014-жылы иштелип чыгып, 2025-жылы каралып чыккан. Ал максат катары мазмунду жакшыртуу, ыңгайлаштыруу, программанын маанисин жеткирүү жана натыйжаларга жетүү үчүн ал дыйкандар менен өз ара аракеттенүүнү белгилеп, сурамжылоо жүргүзүп жаткан кызматкерлердин ролун баса белгиледи.

ФАОнун консультанты Антуан Леметр SHARP+ концепциясы, социалдык, экологиялык жана экономикалык жактары жана сурамжылоонун түзүмү менен тааныштырды.

Семинарга изилдөө уюмдардын, Суу ресурстары, айыл чарба жана сугат министрлигинин, Кыргыз улуттук агрардык университетинин жана бейөкмөт уюмдардын, БАЖПИИнин «Потенциалды өнүктүрүү жана илимий кызматташтык» бөлүмүнүн кызматкери катышты.

Семинардын катышуучулары суроолорду жергиликтүү шарттарга ылайыкташтырып, көлөмдүү анкетанын айрым бөлүктөрүн кыскартышты. Аспап Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылындагы дыйкандарды сурамжылоо учурунда сыналды. Сурамжылоону уюштуруу жүрүшүн талкуулоодо катышуучулар айрым суроолорду милдеттүү эмес кылууну, жооп варианттарынын санын азайтууну жана фермер деп аныктоо критерийлерин тактоону сунушташты.

Фермерлердин көйгөйлөрүн аныктоо үчүн Кыргызстандын эки районунда 450 кишинин катышуусунда сурамжылоо жүргүзүү пландаштырылууда. Жыйынтыктардын негизинде фермерлерге технологияларды ишке ашырууда жана бул тажрыйбаларды өлкөдө жайылтуу үчүн үлгү тилкелерди уюштурууда колдоо көрсөтүлөт деп күтүлүүдө. Тажикстан жана Өзбекстан үчүн да ушундай изилдөөлөр пландаштырылууда.

Кара-Жыгач айылына болгон талаа практика учурунда семинардын катышуучуларынын, айыл чарбасы менен байланыштуу тармактардын адистеринин иши фермерлердин жаратылыш шарттарынын терс өзгөрүүлөрүнө туруктуулугуна байланышын байкоого мүмкүнчүлүк болду.

Фермерлердин сурамжылоосунун жыйынтыктарын талдоо БАЖПИИ үчүн климат жана суу ресурстары боюнча илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын жана айыл чарбасын пландаштырууда божомолдорду колдонууну баалоо үчүн жана ушул сыяктуу мааламаттырды жайылтуу ишин тескөөгө пайдалуу болот. Фермерлердин жана мал өндүрүүчүлөрдүн климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугу өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу менен жарандардын экономикалык жана социалдык абалына таасир этет.

SHARP+ жөнүндө көбүрөөк маалымат: https://www.fao.org/sharp/ru