Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

БАЖПИИ Ысык-Көлдүн суу деңгээлин өлчөө үчүн жабдуулардын бийиктигин тактоо боюнча иштерди жүргүздү

2026-жылдын 2-ноябрынан 6-ноябрына чейин "Байкоо тутумдары жана маалыматтарды башкаруу" бөлүмүнүн маалыматтык технологиялар боюнча адиси Марат Исмаилов, кенже илимий кызматкер Оксана Бамбаева жана Гельмгольц атындагы геоилимдер борборунун кызматкери Тило Гене Ысык-Көлдүн суу деңгээлин өлчөөчү жабдууларды орнотушту.

Бул максатта Балыкчыда изилдөөчүлөр суу көтөрүлүшү станциясына репер (жер үстүндөгү белгилүү бир бийиктигин көрсөткөн белги) орнотуп, спутник навигация тутуму менен анын бийиктигин өлчөп, суу көтөрүлүшү станциясынын бийиктигин аныкташты.

Чолпон-Ата, Жети-Өгүз жана Тоң райондорунда учурдагы реперлердин бийиктиги өлчөп, суу көтөрүлүшү станцияларынын бийиктигин такташты.

Жабдууларды текшерүү аркылуу Ысык-Көлдүн суу деңгээлинин өзгөрүшүн так өлчөөгө мүмкүн болот.

 

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg