БАЖПИИ германиялык изилдөөчүлөр менен кызматташтыкты бекемдеп жатат
2026-жылдын 18-сентябрында Мюнхен техникалык университетинин, Мюнхендин суу чарба башкармалыгынын, Мюнхендин шаардык курулуш департаментинин, Бавариялык изилдөө бирикмесинин, Вайльхаймдын суу чарба башкармалыгынын, Бавариялык айлана чөйро боюнча агенттигинин, Ингольштаддын суу чарба башкармалыгын, Биберахтык колдонмо илимдеринин университетинин кызматкерлеринен түзүлгөн делегация «WE-ACT: климаттык шарттарды эске алуу менен суу ресурстарын бөлүштүрүү"долбоорунун өнөктөшү катары БАЖПИИге келди.
Жолугушуунун жүрүшүндө "Потенциалды өнүктүрүү жана илимий кызматташтык" бөлүмүнүн жетекчиси Назгүл Алыбаева институттун түзүмү, анын ишмердигинин негизги багыттары жана илимий-изилдөө приоритеттери менен тааныштырды.
"Климат, суу жана геоэкология" бөлүмүнүн жетекчиси Ольга Калашникова Борбордук Азия аймагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана суу ресурстары жаатындагы изилдөөлөр тууралуу айтып берди.
Долбоордун координатору д-р Цзиншуй Хуан долбоордун максаты, учурдагы натыйжалары жана аны ишке ашыруунун негизги багыттары жөнүндө маалымат берди.
