БАЖПИИ со-директору Болот Молдобеков глобалдык климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин изилдөөлөр тууралуу радио жана телеэфирде баяндап берди
2026-жылдын 24-сентябрында Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөөлөр институтунун со-директору Болот Молдобеков «Биринчи радио» жана «Ала-Тоо 24» программасында «Президент Садыр Жапаров: "Ысык-Көл — биздин жалпы климаттык аманатыбыз» берүүсүнө катышты.
Болот Дүйшөналиевич климаттын глобалдык өзгөрүүсүнүн натыйжасында экологиялык көйгөйлөргө дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу, атап айтканда, Ысык-Көлдү сактап калуу үчүн аракеттерди бириктирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгесин колдоду.
БАЖПИИ директору Ысык-Көлдөгү суунун деңгээлин байкоо боюнча, өзгөрүүлөрдүн себептерин аныктоо жана айыл чарбасы үчүн кесепеттерин болжолдоо жөнүндө институттун иши тууралуу кеп салды.
Болот Молдобеков ошондой эле суу ресурстарын өлчөө аспаптары жана ыкмалары тууралуу айтып берип, мөңгүлөрдүн аянтынын азайышынын алдын алуу жолдору тууралуу угармандардын суроолоруна жооп берди.
Радио угуучулар жана телекөрүүчүлөр ошондой эле БАЖПИИ изилдөөчүлөрүнүн чет өлкөлүк кесиптештери менен кызматташып, окшош көйгөйлөрдү чечүү жолдору боюнча тажрыйба алмашуу, изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен өз ара аракеттенүү, мисалы, сел же бийик тоолуу көлдөрдүн жырылып кетүү коркунучу жөнүндө калкка эрте эскертүү тутумдарын орнотуу боюнча маалымат ала алышты.
Болот Дүйшөналиевич тоолуу аймактарды өнүктүрүү, суу, жер, токой ресурстарын сактоо, кургакчылыкка жана мөңгүлөрдүн булганышына каршы натыйжалуу чараларды киргизүү үчүн эл аралык уюмдар менен байланышты бекемдөө үчүн Кыргызстанда "Бишкек+25" экинчи глобалдык тоо саммитин өткөрүүдөн пайдаланууга чакырды.
Видео - https://caiag.kg/ru/2023-03-24-10-53-34/1177-20260924



