Кыргызстандагы FAOнун өкүлдөрү БАЖПИИге келди

30-июнда БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Олег Гүчгелдиев менен айыл чарба жана ирригация боюнча эксперти Матраим Жусупов Борбордук Азиядагы Жерди прикладдык изилдөө институтуна келишти.
БАЖПИИнин содиректору Болот Молдобеков институттун тарыхы, изилдөө багыттары жана аткарылган долбоорлор тууралуу таанытым баяндама жасады.
Коноктор мөңгүлөрдү, суу ресурстарын жана жайыттардын деградациясын изилдөөнүн жыйынтыктарына өзгөчө көңүл бурушту.
Тараптар кызматташтыкты пландаштыруу үчүн жалпы кызыкчылык туудурган темаларды талкуулашты.
 
汽水音乐mumu模拟器谷歌邮箱telegramtodesk易翻译