Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

БАЖПИИнин адистери Ысык-Көлдүн суу деңгээли эч кандай адаттан тыш болбогонун тастыкташты

Ысык-Көлдүн азыркы суу деңгээли 1998-жылдагыдай эле. 1927-жылдан берки жалпы төмөндөө тенденциясы уланууда, бирок айрым мезгилдерде ал жайлайт же тездейт.

Муну GFZ (Deutsche GeoForschungs Zentrum) спутник маалыматтарына негизделген суунун деңгээлинин графигинен көрүүгө болот https://sdss.caiag.kg/sdss/index.php?&page=measure_page 1993-жылдын 14-майынан 2026-жылдын 30-мартына чейинки маалыматтар камтылган графикте 1998-жылдан 2026-жылга чейин суунун деңгээли көтөрүлүп (1), андан кийин баштапкы абалына кайтып келгенин, башкача айтканда, жалпысынан төмөндөө болбогонун көрсөтүп турат.

IK

Ысык-Көлдүн суу деңгээлин 1927-жылдан берки байкоолор жана заманбап ыкмалар жөнүндө Борбор Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунун улук илимий кызматкери Александр Николаевич Мандычевдин "Ысык-Көл жана Чатыр-Көл көлдөрүнүн альтиметриялык аспаптар жана оптикалык спутниктик сүрөттөрдүн негизинде узак мөөнөттүү өзгөрүүлөрүн мониторинги" (2) макаласында окусаңыз болот.

MandychevAN

Суунун деңгээлин көзөмөлдөөнүн негизинен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорологиялык кызматы (Кыргызгидромет) жүргүзөт. Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларында жана Кой-Сары менен Тамга айылдарындагы станцияларда эртең менен жана кечинде өлчөөлөр жасалат. Борбор Азиялык Жерди прикладдык изилдөөлөр институту Ысык-Көлдүн суу деңгээлин спутник маалыматтарын колдонуу менен үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги суу аянтын жалпысынан изилдеп турат.

Ысык-Көлдүн суу деңгээлинин өзгөрүшү 3-4 жылдык кыска мөөнөттүү жана он жылдык узак мөөнөттүү мерчимдер менен мүнөздөлөт. Кескин төмөндөө жылына 10-20 смден ашык өзгөрүү деп эсептелет. Көрсөткүчтөр жыл мезгилине жана өлчөө жүргүзүлгөн жерге жараша өзгөрүшү мүмкүн.

Температуранын жогорулашы дарыяларды азыктандыруучу мөңгүлөрдүн аянтын азайтып, көлдүн бетинен бууланууну көбөйтөт. Кышында жана жазында жаан-чачындын азайышы агымга таасир этет. Ошондой эле, айыл чарба жерлерин сугаруунун көбөйүшүнөн улам дарыялардан көлгө кошулган суунун көлөмү азайып баратат. Узак мөөнөттүү келечекте көлдүн түбүнүн жай чөгүшү суу деңгээлинин төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн.

Эгерде бул тенденция улана берсе, суунун туздуулугу өзгөрүп, жээгине илээшме тунуп, флора менен фаунанын ар түрдүүлүгүнө кесепети тийип жана Ысык-Көл бассейнинин климатына таасири болоорун алдын ала айта алабыз.

Көлдүн деңгээлин турукташтыруу үчүн "2030-жылга чейин Ысык-Көл экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү концепциясы" сугат суусун пайдаланууну так эсепке алуу, сугат системаларын жаңылоо, сууну үнөмдөөчү технологияларды жайылтуу, көлдүн айланасындагы жашыл аймактарды кеңейтүү, мөңгүлөр менен суу булактарынын абалын изилдөө жана климатка ийкемделиши стратегияларын иштеп чыгуу сыяктуу чараларды камтыйт.

Кыргызстандагы башка көлдөрдүн деңгээлинин төмөндөшүн алдын алуу үчүн мөңгүлөрдүн абалын үзгүлтүксүз көзөмөлдөп, булгануунун жана экосистеманын бузулушуна жол бербей, суунун деңгээлин өлчөөнүн автоматташтырылган тутумдарын колдонуу жана сууну пайдаланууну макулдашуу маанилүү.

 

Шилтемелер:

1. https://caiag.kg/images/2%20Department/2018/IK_river_Kalashn_2017_ru.pdf

2. https://caiag.kg/images/2_department/2023/Monitoring_level_of_lake_Issyk-Kul_RU.pdf

3. https://www.gov.kg/storage/media/npa/4743/692e8d7c9d25f.pdf

 

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg