БАЖПИИнин содиректору Болот Молдобеков Борбордук Азиядагы криосфера илимдери боюнча аймактык диалогго катышты
19-мартта онлайн иш-чарада Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү, Фрибург жана Цюрих университеттеринин эксперттери Алматыдагы ЮНЕСКОнун аймактык кеңсесинин өкүлдөрү менен Мөңгүлөрдү сактоо эл аралык жылынын (IYGP 2025) сабактарды жана Криосфера илимдери боюнча он жылдык иш-аракеттерди (DACS 2025–2034) биргелешип ишке ашырууну талкуулашты.
Интерактивдүү тилкелик талкуу учурунда Борбор Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунун содиректору Болот Молдобеков Кыргызстандагы мөңгүлөрдү жана кар катмарынын өзгөрүшүн байкоо жана изилдөө методикасы жөнүндө баяндап берди.
БАЖПИИнин изилдөө прктикасына таянып, Болот Молдобеков байкоону уюштурууда эл аралык стандарттарды улуттук өзгөчөлүктөр менен айкалыштыруу тууралуу тажрыйбасы менен бөлүштү.
Катышуучулар аймакта суу коопсуздугун, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууну жана кырсыктардын тобокелдигин азайтууну камсыз кылуу үчүн криосфера тармагында кызматташтыкты бекемдөө боюнча иш-аракеттерди жана демилгелерди сунушташты.