21-март – Бүткүл дүйнөлүк мөңгүлөр күнү
Климаттын өзгөрүшүнөн улам, мөңгүлөрдүн тездик менен чегиниши айыл чарбасына, гидроэнергетикага жана тоолуу коомчулуктарга таасирин тийгизет.
Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн абалын байкоо жана изилдөө жөнүндө Борбор Азиалык Жерди прикладдык изилдөө институнун кызматкери Рыскул Абдыжакыпович Усубалиев баяндап бериди:
– Учурда Кыргызстандын мөңгүлөрүн биздин институт, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институту жана КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматы изилдешет, кар көчкү жана гляциология департаменти байкоо жүргүзүп турат.
– Алгачкы изилдөөлөр качан башталган?
– Кыргызстандын мөңгүлөрүн изилдөө өткөн кылымдын 40-чы жылдардын аягы - 50-чү жылдарда башталган. Советтер Союзу мезгилинде Орто Азиянын мөңгүлөрүн изилдөө Кыргызстандан башталган деп айтсак болот. Деги эле тоо мөңгүлөрүн изилдөө Советтер Союзунда 1947-1948 жылдары Ысык-Көлдө Покровка (азыр Кызыл-Суу) айылында Тянь-Шань бийик тоолуу станциясы түзүлгөндөн кийин башталган деп айтсак да туура болот. Ошол жерде Кара-Баткак мөңгүсүндө биринчи байкоо жүргүзүлүп, туруктуу изилдөөлөрдү азыркы күнгө чейин жасап жатышат. Кыргызстанда да ошол жерден башталган деп айтсак болот. Кийинчерээк Кыргызгидромет кызматы 60-чы жылдары Ала-Арча суу бассейнинде Голубин мөңгүсүн изилдеп, Алай кырка тоосунда Абрамов мөңгүсүн Союз учурунда ташкенттик адистер изилдеп башташкан. Ошентип Кыргызстанда үч жерден байкоо жүргүзүп изилдеп башталган.
– Азыр Кыргызстанда канча мөңгү бар?
– Кыргызстандын мөңгүлөрүнүн саны так белгилүү, азыр чоң-кичинеси болуп 10 миңге жакын мөңгү бар. Эгер өткөн кылымдын 70-чи жылдары менен салыштырсак, саны боюнча өстү. Мурун 8 миңдин тегереги болсо, азыр көбөйдү. Чоң мөңгүлөр эки-үчкө бөлүнүп, жалпы жонунан алардын аянты азайып кетти. Глобалдык жылуулук жараянынан улам мөңгүлөр деградация (кайра тартылуу) болуп баратпайбы. Мурун аянты 8 миң чарчы километрди түзсө, азыр 6,5 миң чарчы км тегерегинде калды.
– Алардын кайсынысын эң чоң деп атай аласыз?
– Кыргызстандын эң чоң мөңгүлөрү Ысык-Көл областында жана Чоң-Алай кыркы тоосунда орун алган. Эң чоң мөңгү Борбордук Тянь-Шанда Хан-Теңири анан Жеңиш чокусунун тегерегинде бийик тоолуу аймактарда жайгашкан. Эң чоң мөңгү деп Түштүк Эңилчек болуп эсептелет, анын узундугу 60 км жакын, андан кийин Түндүк Эңилчек бар, анын узундугу 30 км ашык, Кайынды мөңгүсүнүн узундугу – 25-29 км.
– Качантан бери мөңгүлөрдүн аянты азайып келе жатат?
– Мөңгүлөрдүн пайда болушуна 2-3 себеп бар. Эң биринчиси – бул климаттык себеп, андан кийин рельеф, тоолордун бийиктиги. Мөңгүлөрдүн эволюциясын алып карасак, өткөн убактарда алар алдыгы жылып, чоңоюп-өсүп, же болбосо артка чегинип турган. Ал эми азыркы мөңгүлөрдүн кыскарышы, бул кичинекей мөңгүлүү мезгили деп коёт. Биздин мөңгүлөр 15-чи кылымдын ортосунан бери тартылып келе жатат. Ошол убакытта максималдуу көлөмгө жеткен, мурун андан да чоң көлөмдүү болгон.
Негизинен мөңгүлөрдүн өтө интенсивдүү кыскарышы, эриши өткөн кылымдын 70-чи жылдарынан бери байкалып жатат. Ошондон бери мөңгүлөр бир багытта гана азайып баратат. Ага чейин мөңгүлөрдүн массасынын балансы бир жылы оң багытта болуп, кийинки жылы терс болсо, 70-чи жылдардын ортосунан бери массасынын балансы жалан гана терс багыт алып жатат, азайып баратат.
– Мөңгүлөрдүн аянтынын азайышынын жергиликтүү себептери да барбы?
– Температура жогурулап, акыркы 5 жылда мөңгүлөр интенсивдүү эрип жатат. Азайышынын негизги себеби – бул глобалдык климаттын жылуулугу.
Ал эми жергиликтүү климаттык өзгөчөлүктөр да таасирин тийгизбей койбойт. Биздин тоолор, жалпы эле Борбор Азиянын тоолору, Кара-Кум, Кызыл-Кум жана Такла-Макан чөлдөрдүн тегерегинде орун алган, биздин мөңгүлөр экинчи ирээт дагы терс факторго дуушар болуп жатат. Демек, глобалдык масштабдагы жана аймактык масштабдагы факторлор таасир тийгизип жатышат.
Акыркы убакытта мөңгүлөр булганып жатат. Булгануудан да интенсивдүү эрип жатат. Анткени мөңгүлөрдүн үстүнө ар кандай чаң, химиялык заттар түшүп, мөңгүлөрдүн тез эришине таасир берип жатышат. Бул жергиликтуу фактор десек болот.
– Тоо кен ишканалыры канчалык деңгээлде таасир этип жатышат?
– Кен казган ишканалар таасир тийгизбей койбойт, алар дагы тийгизет. Алар айрыкча ошол жерде таасир тийгизет. Мөңгүнүн жанында иштеп жаткан карьердеги техникадан чандар мөңгүлөрдүн үстүнө түшүшү мүмкүн, ал мөңгүнү булгап, таасирин тийгизбей койбойт, бирок локалдык масштабда жанында турган 1-2 мөңгүгө гана.
– Борбор Азиялык Жерди изилдөө институту мөңгүлөрдү сактап калууга кандай салым кошуп жатат?
– Биздин институтта негизинен мониторинг жасап жатабыз. Кыргызстандын бардык аймактарында репрезентативдик (үлгү топ) мөңгүлөрдү тандап алып, ошол жерде массасынын балансы боюнча текшерүү жасап жатабыз. Биздин салым – мөңгүлөрдү изилдеп, аларды инвентаризация жасап, канча калганын, канча аянты бар экенин аныктап чыгуу. 2018-жылы Кыргызстандын мөңгүлөрүнүн каталогун түзгөнбүз. Биздин милдет – мөңгүлөрдү изилдөө, мониторинг жасоо жана баалоо, анан прогноз даярдоо. Канча жылга жетет жана канча жылда өзгөрөт деп, илимий жактан негиздеме даярдап, илимий жактан жардам беребиз.
– Кыргыз жарандары мөңгүлөрдү сактап калууга кандай аракет жасай алышат?
– Жарандар мөңгүлөрдү сактоо үчүн туура пайдаланышы керек, туура мамиле жасашы керек, айрыкча тоо өнөр-жай тармагында. Алар ар кандай кен байлыктарды алып, жанындагы жаратылышты бузуп жатышат, ал болсо мөңгүлөргө таасирин тийгизбей койбойт. Ошолорго жол бербеш керекпиз, биздин милдет алардын терс таасирлерин минималдаштыруу болуп саналат.
Азыркы кезде мыйзамдар иштелип жатат, коомчулук менен бирге өкмөттүк эмес уюмдар мыйзам долбоорлорун сунуштап, мөңгүлөрдүн сакталып калышына, аларды коргоодо үлүштөрүн кошконго аракет кылып жатышат. Мен дагы ошондой долбоорлорго кеңешчи болуп жардам берип жатам.
– Сиз мөңгүлөрдү илимий тема катары эмне себептен тандап калдыңыз?
– Студент кезде география факультетинин гидрометеорология кафедрасынан 2 жыл практиканы Ысык-Көлдөгү станцияда (Кара-Батка мөңгүсүндө) өткөнбүз. Ошондон баштап кызыга баштадым, бүткөндөн кийин да ошол жакка барып орношуп иштеп, мөңгүлөрдү изилдеп келе жатабыз.
Маалымат үчүн:
Рыскул Абдыжакыпович Усубалиев 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин география факультетинин гидрометеорология кафедрасын бүтүргөн. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында аспирантураны аяктап, "Тянь-Шань мөңгүлөрү, анын учурдагы абалы, эволюциясы жана геохимиясы" деген темада кандидаттык диссертациясын коргогон.
1984-1987-жж. – Гидрометеорология борборунда иштеген.
1987-1990-жж. – орто мектепте иштеген.
1990-1992-жж. – Ысык-Көл облустук жаратылышты коргоо комитетинде жана Аймактар аралык экологиялык изилдөөлөр боюнча эсептөө борборунда иштеген.
1992-ж. – М.М. Адышев атындагы Геология институтунун География бөлүмүнүн Тянь-Шань бийик тоолуу физикалык-географиялык станциясында иштеген.
1992-2007-жж. – КР Улуттук илимдер академиясынын Геология институтунун География бөлүмүнүн гляциология жана бийик тоолуу көлдөрү лабораториясында иштеген.
2007-ж. бери – Борбор Азиялык Жерди прикладдык изилдөөлөр институтунун «Климат, суу жана жаратылыш ресурстары» бөлүмдүн жетекчиси, ага илиимй кызматкердин милдетин аткарып иштеп келе жатат.
Р.А. Усубалиев Тянь-Шань жана Памир-Алай тоолорунун мөңгүлөрүн изилдеп, байкоо жүргүзгөн. Ал Тянь-Шань гляциологиясында жаңы багытты – мөңгүлөр геохимиясын изилдеп келген. Анын изилдөө жыйынтыктары 80ден ашык илимий эмгектерде жарыяланган.
Шилтеме:
Кыргызстандын мөңгүлөрүнүн каталогу https://caiag.kg/images/2_department/2022/Catalogue_of_glaciers_Kyrgyzstan_2018_Edition_01_2024_RU.pdf